Кыргыз улуттук «Манас Ордо» комплекси жөнүндө кыскача маалымат

1. 1976-жылдын 24-декабрында Өкмөттүн токтому менен адабий-этнографиялык  
    музей уюштурулган.
2. 1991-жылы «Манас күмбөзү» музей-коругу деп аталган.
3. 1995-жылы «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесинен кийин Мамлекеттик  
   «Манас Ордо» комплекси болуп негизделген.
4. 2001-жылдын 24-марттагы Кыргыз Өкмөтүнүн токтому менен «Манас Ордо»    
   комплексине «улуттук» статус ыйгарылган. 
 
- Жалпы аянты- 225га, анын ичинен суу баскан аянты - 31 га;
- 2,5 га алма багы бар;
- Ордонун 2012-жылга бюджети – 9439,5миң сом;
- Атайын эсеп төлөм каражатына 2012-жылга түшкөн акча каражаты – 1719,5миң сом;
 -«Айкөл Манас» коомдук фондусуна 2012-жылы түшкөн акча каражаты – 412,0миң сом.
 Жалпы кызматкерлердин саны - 77 адам;
 
Комплексте жайгашкан негизги обьектилер:
  1. «Башкы Арка» - комплекстин босогосу, Башкы дарбазасы;
  2. Административдик имарат;
  3. «Манас таануу» борбору (комплекстин китепканасы жана жаш манасчылар мектеби орун алган);
  4. «Кырк Чоро»  көпүрөсү;
  5. Хан Өргө
  6. Археологиялык – этнографиялык музейи
  7. «Манас эпосу» фольклордук-этнографиялык музейи;
  8. «Аккула» ат майданы (райондук, областтык, республикалык жана Эл аралык деңгээлдеги  иш-чаралар өткөрүлүүчү аянт);
  9. «Кароол дөбө» - ачык асман алдындагы тарыхый эстелик
  10. «Манас Ата» күмбөзү – тарыхый-архитектуралык эстелик;
  11. Түлөөкана;
  12.  Ажыбек датканын жайы
  13. Ордоборбору;
  14. «Манас ата» гүлзар багы;
  15. «Айкөл Манас» архитектуралык-скульптуралык ансамбли;
  16. Автоунаалар токтоочу жай;


 
Комплексте жайгашкан негизги обьектилер:
1.«Башкы Арка» - комплекстин босогосу, Башкы дарбазасы;


Комплекстин аймагы эпостун уюткусу болгон  «Манас», «Семетей», «Сейтек» үчилтигиндеги баатырлардын туулгаларын элестетип турган Аркадан башталат. Манас ата конушунун Башкы дарбазасы.  Арканы Бишкек шаарындагы «Альфа» акционердик коому курган. (Президенти В.Н.Вильдерман, вице-президенти Улукбек Жээналиев, архитектору Рахман Асылбеков).

2. Административдик имарат.

Административдик имарат, мында комплекстин жетекчилиги менен бухгалтериясы жайгашкан. Бул корпусту Талас МПМК -1 курулуштук бригадасы курган (жетекчиси Тойчубеков Керим).

3. ”Манас таануу” борбору.

Ал эми  бул жерде 2003-жылдын 28-майында Ч.Айтматовдун 75 жылдыгына арналып, «Манас таануу» борбору ачылган. Бул борбордо эки багытта иш жүргүзүлөт: «Манас Ата» китепканасы жана жаш манасчылар мектеби.

4. Автоунаа токтоочу жай.

“Жолчу” акционердик коому тарабынан 300 автоунаа токтоочу жай курулган (жетекчиси Назаралиев Эсен).

5. «Кырк Чоро»  көпүрөсү.

Талас жергесинин көркүнө көрк кошуп турган Кеңкол өрөөнүн бойлой агып келген Кеңкол суусунун (дарыясынын) үстүнө салынган көпүрө. Көпүрөнүн оң сол тарабында Манастын Чоролору кылкылдаган найзаларын, калдайган калкандарын көтөрүп, Манастын күмбөзүнө өтчү көпүрөнү шаңдуу кайтарып тургандай сезилет.

6.  40 боз үй тигүүгө ылайыкталган «Манас айылы».

Курулушту «Ак Чий» акционердик коому курган (жетекчиси Баязов Амангелди). Байыркы заманда ата-бабаларыбыз көчмөн турмушту баштарынан кечиргендиктен ар кандай көлөмдөгүбоз үйлөрдүпайдаланышкан. Боз үйлөр көчүп конуп жүрүүгөыңгайлуу болуп, кереге, ууктарына, көлөмүнө  жараша 6, 9 жана 12 канат болуп  бөлүнгөн.

7.Хан Өргөө.

Манастын “Хан Өргөөсү” 12 канат, бийиктиги 5м 70см, диметри 10м, түндүктүн диаметри 2м 50 см. «Хан Өргөө», атайын хандарга арналып, колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. Бул боз үйдүн кереге жана ууктарын Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын тургуну уста Табел Рыскулбеков жасаган. Ал эми ички, сырткы жасалгаларын уздар: Молдокулова Калтар, Алапбаева Уултай, Жумалиева Таалайгүл, Турдугулова Орунтай, уста Апышов Ырысбай ж.б. уз-чеберлер жасашкан. Боз үй «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесинде баш байгеге татыктуу болгон.

7.«Манас Ата» гүлзар багы

Гүлзар бактын аянты 4 га. Гүлзар бакты көрктөндүрүүгө 6000 түп роза гүлү, 1000 түптөн ашык ар кандай тал-терек, кайың, карагайлардын түрлөрү отургузулган. Бул гүлзар багында убагында «Мээрим» эл аралык фондусу тарабынан түзүлгөн жаш таланттар фестивалы өткөрүлгөн. Бакты «Алтын-Казык» акционердик коомунун бригадасы курган (жетекчиси Базеков Куттубек).

8. «Айкөл Манас» («Кырк Чоро») архитектуралык-скульптуралыкансамбли

Кырк Чоро – Манастын баатырдык кошуну, нөөкөрлөрү, эң жакын кеңешчилери, жан жолдоштору, кол башчылары, ар башка уруулардан тандалган мыктылары, кылданган баатырларынан куралган көйкашкалардын тобу.
Ар башка варианттарда ар башка санда, айрым учурларда алардын аталыштары да ажырымдуу болгону менен негизинен элге кенен тараган саны кырк.
Бул жерде кырк Чородон тышкары да 4 скульптура бар (Гүлзар бакка кире бергенде оң тарапта). Алар; “Манас” баатырдын акылман кеңешчиси, насаатчысы, кеменгер Бакай Ата, жанында
Узун чачтын ыктуусу,
Ургаачынын мыктуусу.
Кең көйнөктүн тазасы,
Ургаачынын паашасы.
Манастын жары Каныкей Апа (гүлзар бакка кире бергенде сол тарапта).
Элдин башын кошуп туура жолго баштаган терең акылман карыя жана өз элинде да, душмандын ичинде да теңдеши жок балбан, баатыр адам Кошой Ата. Жанында жанаша турган;
Кан Кошой жоону сүргөндө,
Кыйкырып жоону чапчуусу.
Колду баштап качпастан
Саадагын белге асынып,
Сан миң жоону атчуусу.
 Балбан Кошой багына
Баардык акыл тапчуусу
Кошой балбандын ат кошчусу Баяман Ата.
Гүлзар бакта жалпы 45 архитектуралык скульптура жайгашкан.
Кырк чоронун башында,
Акылман Бакай, Кошойдун жашында.
Алтын менен күмүштун,
Ширөөсүнөн бүткөндөй.
Асман менен жериңдин ,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй.
Алды калың кара жер,
Жердигинен түткөндөй.
Дөөлөт кушу башында.
Акылмандын тунугу,
Ак калпактын улугу,
“Айкөл Манас” Ата турат.
Айкелдин авторлору: скульптору - Батырбаев Байызбек, башкы архитектору - Солтобаев Асылбек. Салмагы 3т., бийиктиги 6м. жалпы бийиктиги 24м.

9.Ордо борбору;

Ордо борбору ар тараптан зыярат кылып келген адамдарды, мейманкана катары кабыл алууга ылайыкташтырылган. Бул имараттын биринчи кабаты  «Хан-Теңири» акционердик коому (жетекчиси Кадырбаев Наскул) аркылуу курулуп, каражат маселесине байланыштуу толугу менен бүткөн эмес.
Ордонун экинчи кабаты “Манас Ордо” комплексинин жетекчилигинин демилгеси менен 2007-жылы куруу иштери башталып, 2009-жылы толугу менен ишке киргизилген.
( курулуш иштерине жооптуу- Бабажанов Эрмухаммед).

 10.Алчыкен уулу Ажыбек датка

Кокон хандыгынын мезгилинде жашап, каракылды как жарган калыстыгы, терең илбериңки адамкерчилиги менен айырмаланган. Элин коргоп, эл арасында тынчтыкты, ынтымакты чыңдаган. Эл ичинде зор абройго ээ болгондуктан, 1838-жылы ага Датка наамы ыйгарылып, Таластын башкаруучусу болуп дайындалган. Кыргыздардын таламын талашып, Кокон хандыгынын хан тактысына жээни Шераалы хандын отурушуна чоң салымын кошкон. Кокон ханы Шераалы хан айланасындагы адамдардын туура эмес пикирлерине ишенип, 1843-жылы Ажыбек датканы Олуя-Атага (азыркы Тараз шаары) чакыртып,  башын алдырып, денесин орго салдырат. Муну уккан Ажыбек датканын баласы Нурак келип ал жердеги аскерлер менен салгылашып, атасынын сөөгүн алып чыгып кеткен. Датканын туугандары чогулуп, маркумдун сөөгүн Манастын күмбөзүнүн жанына коюшат. Ал эми 1997-жылы бул эстеликти комплекстин кызматкерлери Ажыбек даткага арнап тургузушкан.

11. Түлөөкана.

Бул жерге өлкөбүздүн туш тарабынан келген адамдар атайын жандык (мал) курмандыкка чалып, бул ыйык жерден жакшылык тилеп, ден соолук сурап, жан дүйнөсүн тазартып кетиш үчүн келишет. Түлөө берүүчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Түлөөкана 3 бөлмөдөн турат. Түлөөкананы «Алтын-Казык» акционердик коомунун бригадасы курган (жетекчиси Базеков Куттубек). Архитектору: Асылбеков Рахман.

12.  “Манас Атакүмбөзү – тарыхый-архитектуралык эстелик;

Манас атабыздын күмбөзү - Улуттук «Манас Ордо» комплексинин уңгусу жана уюткусу. Күмбөз “куфи” геометриялык стилдеги ариптер менен оюп түшүрүлгөн.Анын бийиктиги 11м. бет маңдайында ар кандай орнаменттер түшүрүлгөн. Мында, биринчи тилкеде «Насх» жазуусундагы геометриялык сызыкчалар, экинчи тилкеде «Аль-мульк» деп улам кайталанган жазуулар (котормосу: «Алланын бийлиги чексиз» дегенди түшүндүрөт), ал эми үчүнчү тилкеде гүл түрүндө кооздолуп түшүрүлгөн араб тамгаларын көрө аласыздар. Бул жазуулар 1927-жылы жергиликтүү илимпоз Токтогазиев Жусупбек тарабынан которулган. Ал котормодо: «Бул шаңдуу күмбөз кыргыз баатыры Манастын күмбөзү, Күмбөздү Манастын зайыбы Раапа хатун салдырды, күмбөздүн курулушу аяктаганда Раапа хатундун тагдыры кайгылуу болду» – деп жазылган.
Манастын Күмбөзүн калыбына келтирүү боюнча биринчи жолу 1961-жылы архитектор Е.Нусов долбоорун даярдап, 1968-70-жылдар аралыгында реставратор Б.Помаскиндин жетектеген тобу аркылуу, 1994-95-жылдары «Кыргызреставрация» башкармалыгы тарабынан (жетекчиси Садыбакасов Жаныбек жана Б.В.Помаскиндин бригадасы) реставрацияланган.

13. «Кароол дөбө» - ачык асман алдындагы тарыхый эстелик.

 Күмбөздүн чыгыш тарабындагы заңкайып турган тоо — «Манастын Кароол Чокусу» деп аталат. Бийиктиги 175м.  Манастын чоролору кезек менен ушул тоого чыгып, айланага көз жүгүртүп, элдин бейкутчулугун сакташкан. Чынында эле,  чыгып көргөн адамга батыштан-чыгышка карай Талас өрөөнү толук көрүнүп турат.

14. «Манас эпосу» фольклордук-этнографиялык музейи;

“Манас эпосу” музейиэки кабаттан турат. Биринчи кабаттан Сиздер манас айтуучулар, манас изилдөөчүлөр, Манастын күмбөзүнүн тарыхы менен илимий материалдардын негизинде тааныша аласыздар.
Экинчи кабаттан Сиздер «Манас» эпосу тууралуу, ага арналган экспозициялардан кыргыз элинин тарыхын чагылдырган этнографиялык буюмдар, диограммалар, археологиялык табылгалар менен тааныша аласыздар. Музей,архитектор Нурбеков Эркинбектин долбоору менен курулган.

16. «Аккула» ат майданы (райондук, областтык, республикалык жана Эл аралык деңгээлдеги  иш-чаралар өткөрүлүүчү аянт)

Ипподром улуттук оюндарга ылайыкталып салынган. Бул жерде «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесинин атайын театрлаштырылган оюну өткөрүлгөн. Мында улуттук ат оюндар, көк бөрү, оодарыш, кыз куумай ж.б.оюндар өткөрүлүп турат. Бул ат майдан тарыхый, маданий иш-чараларга бай.