Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхы

2016-03-18 14:00:29
         Кыргыздар жөнүндөгү жазма булактардагы алгачкы эскерүүлөр б.э.ч. 209-201-жылдагы мезгилдерге тиешелүү. Ал эми бул кабар кытайдын Сыма-Цзыяндын “Тарыхый жазмалар” деген эмгегинде белгилүү. Анда кыргыздар узун бойлуу, сары чачтуу, кызыл жүздүү жана көздөрү көк европа түспөлүндөгү адамдар катарында сүрөттөлгөн. Кыргыз ээлигинин биринчи башкаруучусу, тарыхтагы кытайдын кол башчысы, таланттуу Ли-Лиин деген адам болгон.  Кийин анын укум-тукумдары да узакка хандык кылып келишкен. (99-75-жылдары.) Ли-Лиин Енисейдин баш жагына өзүнчө Кыргыз каганатын түзгөн. Енисейлик кыргыздардын маданиятындагы маанилүү жетишкендиктердин бири-өзүнчө жазууну (рун жазуусун) түзгөндүгү. 
Барсбек
      Барс-Бек, Ынанчы Алп Билге VIII кылымдын башында Енисейдеги кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Ал кубаттуу аскер түзүп, кыргыз каганатын чыңдап, башка элдерге көз каранды болбос үчүн Чыгыш-Түрк каганатына каршы күрөшкөн. Анын урматындагы эпитафияга ылайык, ажо байыркы кыргыздын башкаруучу династиясынан чыккан, атасынан эрте жетим калган, төрт бир тууганы болгон, тайган менен аң уулоону аябай жакшы көрүүчү. Барсбектин уруусу Умай эненин өзгөчө колдоосунда деп эсептешчү. Анын туугандары сейрек кездешүүчү Умайбек деген наамды алып жүрүшчү. Барсбектин агалары да, инилери да болгон. Татаал тышкы саясий кырдаалдын шарттарында кыргыздардын мамлекетиндеги биринчи орунга ал өзүнүн асыл сапаттарынын аркасында көтөрүлгөн. Чыгыш түрк кагандыгынын баскынчыл саясатына каршы күрөшүү үчүн өзүнүн Эрен Улуг деген элчиси баш болгон өкүлдөрүн Тибетке жиберген. Барсбек 711-жылы түргөштөрдүн башчысы Сакал каган менен бирдикте Чыгыш түрк кагандыгына каршы урушка даярданган, бирок Чыгыш түрк каганы Капаган тезинен Көгмен тоосун ашып, Барсбектин Ордосуна кол салган. Барсбек 711-жылы согушта курман болгон. 
Алп Сол
      Алп Сол – XIX кылымдагы кыргыз кол башчысы жана элчиси 840-ж ылы кыргыз каганатынын Уйгур мамлекетине жасаган Чоң казатында анын сол канатын жетектеген жана Енисейдеги улуу Кыргыз империясын негиздөөгө зор салым кошкон. 843-жылы март айында Кытайдын Тан династиясынын инператоруна элчи катары барган. Кытай жыл баяндарында: “841-жылы такка олтурган император Вуцзун алыскы кыргыз каганынан келген элчиге абдан ыраазы болуп, Бо-Хайдан келген элчини жогору, төргө олтургузду”-деп баяндалат. Кыргыз каганынын аскер башчысы, ишенимдүү элчи Кытайдан жеңилген уйгурлардын тагдыры жөнүндөгү саясий иштерден сырткары,  соода-экономикалык карым-катнашты кайра жандандыруу үчүн барган. Буга жооп катары кытай императору өзүнүн элчилерин бир нече ирет кыргыздарга жөнөткөн. Алп Солго арналган эпитафия Монголиядан табылган.
Андан соң Моңгол империясы жоголгондон кийин, азыркы кыргыздардын аймагы Тимурийлер менен Моголистан деген эки мамлекеттин империясынын курамына карап калат. Кийин XV кылымдын аягы XVI кылымдын башында бул мамлекет жоюлат. 
Мухаммед Кыргыз (Тагай Бий)
          Мухаммед Кыргыз 1508-жылы Ак кийизге отургузулуп, Кыргыз башкаруучусу болуп жарыяланат. Анын карамагында турган аймак “Кыргыз улусу”  деп аталат. Мухаммед Кыргыз кыргыздардын тарыхында атактуу Тагай бий деген ысымга ээ болуп, кыргыздардын түп атасы, алардын биринчи башкаруучусу болуп эсептелет. Ал өз элинин көз каранды эместиги жана өз алдынча Кыргыз мамлекетин түзүү үчүн  өмүрлөрүн курман кылган биздин улуу бабаларыбыздын катарына кирет. Мухаммед Кыргыз 1508-жылдан 1524-жылга чейин Барскоондогу өз ордосунда бийлигин жүргүзүп турган. 1524-жылы туткунга түшүп, 1533-жылы Кашкардын түрмөсүндө каза тапкан. Ал  кыргыз мамлекетин түптөп, мамлекетти калыбына келтирүүдө чоң салым кошкон. Ошентип кыргыз журту, мамлекети уламдан-улам алдыга карай өнүгүп, өсүүнүн жолунда болуп, жаңы курулуштарга, маданияттын өнүгүшүнө жана дагы көптөгөн жетишкендиктерге жетише берди. 
Алымбек датка Асан бий уулу (1799-1862-жж.)
        Кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.  Ага 27 жашында Кокон хандыгынын мезгилинде  датка деген наам ыйгарылган.  32 жашында Анжиан Вилайетинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын Ордосунда таасирдүү саясый роль ойногон. 1842-жылы Шераалыны хан көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы Ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген. Хандыктагы саясий жана мамлекеттик 30 жылдык (1831-1862) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга катышкан. Тактыга Шераалы хандын 12 жаштагы жээни Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес. Алымбек датка бүткүл кыргыздарды баш коштуруп, өз алдынча  кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган. 1862-жылы хан сарайдагы кезектеги кутумда курман болгон. Эстелиги Ош шаарында орнотулган. 
Курманжан датка Мамытбай кызы (1811-1907-жж.)
           Коомдук жана мамлекеттик ишмер. Алайдагы кыргыздардын башкаруучусу, Алай ханышасы деген ат менен белгилүү. Курманжан датка Мамытбай кызы 1811-жылы Ош шаарынын жанындагы Ороке кыштагында төрөлгөн. 21 жашында баргы уруусунун бийи Алымбек датка менен кокусунан жолугуп, көп узабай аны менен баш кошуп 29 жыл жашап, 5 балалуу болгон. Курманжан датка Алымбек датка Асан бий уулуна турмушка чыккандан баштап мамлекеттик жана коомдук иштерге аралаша баштаган. 1862-жылы Кокон хан сарайындагы козголоңчулар тарабынан Алымбек датка өлтүрүлгөндөн кийин, Алайдагы башкарууну Курманжан биротоло өз колуна алган. Курманжан датка  Ош вилайетин гана башкарбастан, Кокон хандыгынын саясый иштерине да кийлигишип турган. 1865-жылы  Кудаяр үчүнчү жолу такка олтурганда Курманжан улуу уулу Абдылдабекти ээрчитип, Коконго келгендиги маалым. Кудаяр хандын энеси Жаркынайым менен Курманжан Шералы хандын заманынан бери эле ынак, сырдаш болуп, Кудаяр бала кезинен эле Курманжанды жакшы билчү. Конокторду ызаат менен тосуп алган жана мөөр ойдуруп, кымкап чапан жаптырып, баалу белек тартуулаган. Курданжан датка 1873-1876-жылдары элдик кыймылда алгач адилетсиз хан бийлигине каршы күрөшүп, көтөрүлүштүн айтылуу жетекчилери Шер датка, Мамыр Мерген уулу, Абдымомун, Ормонбек датка, Орозаалы, Молдо Ашыр сыяктуулар менен алака түзгөн. Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жаткандыгын билген Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М. Е. Ионовдун генерал Скобелевке жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда  кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып Чоңалайда өргүү алып жаткан М. Д. Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белеке берип, парча чапан жапкан. 1895-жылы уулу Камчыбек дарга асылгын мезгилде, куралчан орус жазалоочуларынын элди кырып жиберүүсүнөн кооптонуп, тагдырга моюун сунууга аргасыз болгон. Россия колониялык бийликтеринин адилетүүлүгүнөн үмүтүн таптакыр үзгөн жана 20-кылымдын башында саясатка аралашпай калган. 1907-жылдын 1-февралында Оштун жанындагы Мады кыштагында көз жумуп, сөөгү Оштогу Сарымазарга коюлган. Эстелиги Бишкек жана Ош шаарында орнотулган.  
Атаке баатыр Тынай бий уулу
        Атаке баатыр Тынай бий уулу (болжол менен 1738-жылы төрөлгөн, өлгөн жылы белгисиз) XVIII кылымдын экинчи жарымында Чүй өрөөнүндөгү сары багыш уруусунан чыккан бий. Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө жайгашкан кыргыздарды башкарган.  Орус тарыхый булактарында “княз” делет. 1718-22-жылдары кыргыздардын көл калаасындагы Чүй, Талас дарыяларынын бойлорундагы жерлерди Жуңгар хандыгы басып алган. Атакенин атасы Тынай бий жетектеген кыргыз уруулары Түштүк Кыргызстанга Анжиян шаарына жакын чөлкөмгө жер которууга макул болушкан. 40-жылдардын башында жуңгарлардын айрым урууларынын ич ара чыр чатактарынан пайдаланып, кыргыздар мекенге кайта башташкан. Туулган жерди бошотуу үчүн жуңгарларга каршы согушууга туура келген. Жуңгарлар менен чечүүчү салгылаштан кийин Атаке баатыр менен Бердике баатыр Токмоктун түштүк тарабындагы Көкжар  капчыгайында Жуңгар аскер башчысы Доргул менен кездешишет. Салгылашта Атаке баатыр Доргулду найза менен сайып өлтүрөт. Жунгарлар кача баштаган. Атаке баатыр жоокерлери менен Чүй өрөөнүн душмандардан толук бошоткон. Согуш аракеттерин улантуу менен Атаке баатыр жетектеген жоокерлер Чоң-Кеминди бошотуп, Торуайгыр ашуусу аркылуу Ысык-Көл өрөөнүнө түшүп, көлдүн түндүк тарабын душмандардан тазалаган. Атаке баатыр 1785-88-жылдары Россиянын борбору Санк-Петербургга алгачкы элчилик жиберип, Россия менен дипломатиялык байланышты баштаган. Элчилери Абдырахман менен Шергазы аркылуу Россия императору Екатерина 2ге кайрылып, кыргыз элине жөлөк болуусун  өтүнгөн жана кыргыз жергеси аркылуу өтүүчү Россиянын кербендеринин коопсуздугун камсыз кылуу милдетин ала тургандыгын билдирген. 1825-жылы Кокон хандыгынын кысымынан Атаке сарыбагыш уруусунун бир бөлүгү менен Ысык-Көлгө убактылуу журт которуп келген. Атакенин баласы-Карабек, Карабектен Жантай, Жантайдын Шабдан. Кийинчирээк кыргыздар Россиянын курамына бириктирилгенден кийин Атаке баатырдын укум-тукуму Атаке болуштугун түзүшкөн. Эстелиги Кемин районуна орнотулган.
Полот хан
       Исхак  Молдо (1844-ж чен., Маргалаң уезди, Охна кыштагы-1876, Жаңы Маргалаң шаары.)-1873-76-жылдардагы Кокон көтөрлүшүнүн жетекчилеринин бири. Ичкилик уруусунун бостон уругунан. Атасы Маргалаңдагы Ак медресенин мудариси болгон. Полот хан адегенде Кокондогу Түнкатар медресесинде, кийин Маргалаңда  “Ак медреседе” окуган. 1867-ж. молдо Исхак окуусун таштап, өз уругун көчмөндөрү жашаган Сох кыштагына, кийин Охна кыштагына келет. Эл арасында болууну көксөгөн Исхак молдо Анжиян  шаарында туруп калат. Соода иши менен Ташкенге  келип жүрүп, ал жерден лашкер Алымкулдун пикирлеши, кыргыздын курама уругунан чыккан чаткалдын Абдымомун ата менен таанышат. 1873-жылы Кокон көтөрүлүшү башталганда эл хандыктын мураскору, Алим хандын небереси Полот бекти көтөрүлүштү  хан катары жетектөөсүн өтүнүшкөн. Шер датка баш болгон кыргыздардын өкүлдөрү  Самарканддан кайтып келе жатып, Ташкенге Абдымомундун үйүнөн өңү-түсү Полот бекке окшогон Исхакты кезиктирип, аны Полот бектин ордуна мураскор болууга көндүрүшкөн. Ошонтип Полот хан (Исхак молдо) 200 аскери менен Чаткалда көтөрүлүшкө жетекчилик кыла баштайт. Чаткалга жакын жайгашкан Алабука, Акташ, Нанай, Көкжар, Мамай, Сафедбулан жана башка айылдардагы эл Полот ханды хан деп таанып, Кудаяр ханга каршы көтөрүлүшкө кошулушкан. Көтөрүлүштүн кыймылдаткыч күчү карапайым калк –кыргыз, өзбек, кыпчак, тажиктер болгон. Алар менен катар өз кызыкчылыктарын көздөгөн феодалдардын өкүлдөрү да катышкан. Кийинчирээк Полот хан көтөрүлүшкө катышкан феодалдардын таасири менен кокондун мурунку хандарынын саясатын уланткан. Көтөрүлүштүн жүрүшүнүн экинчи этабында 1875-жылы июль айында Россия империясынын өкмөтү Полот хандын бийлигин мыйзамсыз деп таанып, Кокон хандыгынын аймагына орус аскерлерин киргизүүгө жетишкен. М.Д.Скобелевдин кол башчылыгы астындагы  орус аскерлеринин  күчү менен көтөрүлүш басылып, Кокон хандыгы жоюлуп, Фергана облусу деген ат менен Россия империясынын карамагына өткөн. Өзүн курчаган феодалдардын чыккынчылыгы менен Полот хан падышалык бийликтин колуна түшкөн. Убактылуу Жаңы Маргалаң шаарындагы орус түрмөсүндө кармалып турган.Аскер сотунун өкүмү менен Жаңы Маргалаң шаарында 1876-ж. 1-мартта дарга асылган 
Ормон хан
       Ормон хан – Сакташ ашуусуна салынган өзүнүн чеби, өзүнүн туусу, өрүш толо малы бар кыргыз урууларынын арасында кадыр-барктуу чоң инсан болгон. Ормон он жети жашынан жоого каршы жортуулдарга катышып, нечен ирет жекеге чыгып, эрдиктин үлгүсүн көрсөткөн. Отуз жашынан эл башкарууга активдүү катыша баштаган. Башкарууга табигый шык-жөндөмү, акылмандыгы, көсөмдүгү үчүн кадыр баркы артып,  эл Ниязбектен кийин Ормондун бийлиггине мойун сунган. Ормон хан сарыбагыш, саяк, бугулардан тышкары солто, черик, чоң багыш, кушчу, саруу жана башка түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө чоң күч жумшаган. Байыркы салт боюнча аны ак кийизге салып хан көтөрүшкөн. Хандык милдетин аткарууда Ормон өзүнүн ишенимдүү кишилери манаптарга таянган. Кыргыздарды отурукташтырып, дыйканчалыкка көнүктүрүү боюнча көп аракет көргөн.
                                                    Кубат бий                                                                       
         Кубат бий XVIII кылымдын экинчи жарымында Фергана өрөөнүндө жашаган кыргыз урууларынын төбөлү, кол башчы, саясый ишкер, кушчу уруусунан чыккан. Тарыхый булактарда айтылгандай Кубат бий кыргыздын падышасы аталып, өз алдынча башкаруучу катары жеке пайдасы үчүн тигил же бул башкаруучу менен каалагандай достошуп, же ажырашып турган. Кокон хандары жана Кытай императору Кубат бийдин пикири менен эсептешкен
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938-жж)
      Советтик партиялык ишмер, катчы жана тилмеч. 1922-жылы Жети-Суу облустук обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы. Кыргыз тоолуу облусун түзүүнүн башында турган адам болгон. 1924-жылы октябрда Кара кыргыз автономиялуу облусун түзүүгө активдүү катышкан.
Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938-жж)
      Мамлекеттик саясый ишмер. Кыргызстанда совет бийлигин орнотуу жана чыңдоо үчүн күрөшкөн. 1927-1937-жылдары Кыргыз АССР борбордук аткомунун төрагасы, 1925-жылы РКПБнын округдук комитетинин жооптуу катчысы болуп эмгектенген. 1937-жылы  репрессияга  кабылып, атылып кеткен. 
Исхак Раззаков (1910-1976-жж.)
       Мамлекеттик саясый ишмер. 1945-50-жылдары Кыргыз ССР министрлер советинин төрагасы, 1950-61-жылдары Кыргызстан КПБКнын биринчи секретары болуп иштеген. Канчалык кыйынчылык, согуш саясаты жүрүп, кыргыз мамлекети жоголуп кетүү коркунучунда турса дагы, кыргыз эли дүйнөлүк маданиятка Ж.Баласагын жана М.Кашгари сыяктуу залкар эки ойчулду берди.
Махмуд Кашгари
         Махмуд Кашгари – XI кылымдагы окумуштуу, түрколог. 1029-1038-жылдар аралыгында Барскоон шаарында туулган. Махмуд Кашгари Багдад, Бухара шаарларынан билим алган. XI кылымдын 50-жылдарынын экинчи жарымынан тартып, түрк элдери мекендеген жерлерди кыдырып, алардын тилинин диалектикалык өзгөчөлүктөрүн жана жалпылыктарын иликтей баштаган.  “Диван луга ат-түрк” (түркий тилдер сөз жыйнагы) Махмуд Кашгари 1072-1077-жылдары жазган энциклопедиялык эмгек. Мында түрк элдеринин 7500дөй сөзү камтылып, арабчага которулган. 300гө жакын макал- лакап, 100 чамалуу ыр, этнографиялык жана башка маалыматтар берилген. Көчүрмө нуска Стамбул шаарындагы улуттук китепканада сакталып турат. Аны мугалим Рифат Билге 1915-1917-жылдары Стамбулда 3 томдук кылып жарыялаган. Түркчө, өзбекче, англисче, уйгурча котормолору жана немисче сөздүгү басмадан жарык көргөн.
Жусуп Баласагын
           Жупуп Баласыгындын өмүр баяны жөнүндө азырынча толук маалыматтар жокко эсе. Бирок автор өзү жөнүндө жазып кетен кээ бир фактыларды “Кутадгу Билик” (Кут алчу билим) поэмасынан кездештирүүгө болот. Жусуп 1016-1018-жылдары Баласагын шаарында туулган. Болжолу менен Жусуп поэманы жазып бүткөн мезгилде 54 жашта болгон. Ал поэманы Баласагын шаарында баштап, 1067-1070-жылдары Кашкарда аяктап, баш-аягы 18 айда бүтүргөн. Бул поэмасы биздин ата-бабаларыбыздын рухий турмушунда бирдиктүү өз ара байланыштуу эки маданияттын отурукташкан жана көчмөн маданияттарыбыздын түпкү башатын ырастаган элдик кенч. Азыркы учурда “Кутадгу Билик” поэмасынын 3 нускасы сакталып тургандыгын билебиз. Биринчиси – Вена шаарында  (Австрия) сакталуу. Египеттин борбору Каир шаарында сакталып турган экинчи нуска 1986-жылы табылган. Намангандан табылган үчүнчү нускасы азыр белгилүү болгон нускалардын эң толугу болуп эсептелинет. Ал Өзбекстан илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун кол жазмалар фондусунда сакталууда.
Даярдаган: “Манас” эпосу музейинин баяндамачысы Кайыпов С.