Манас Ажонун күчтүү командасы

2018-06-12 17:33:36
         Манас өз айланасына жолдошторду, чоролорду, журт башкарган  улуттарды тегине, жерине, уруусуна, туугандыгына жакындыгына карап топтобойт. Ал адамга жакындыгы, туугандыгы болсо да, биринчи иретте, ишмердигине, баатырдыгына, чынчылдыгына, адамгерчилигине, атуулдук ар намысына, ата журтка ак кызматына жараша мамиле жасайт жана баалайт. Манас биринчи иретте, адамдагы иш билгиликти, азыркыча айтканда, компетенттүүлүктү жогору санайт. Ошон үчүн Чоң Казат алдында Чубак өз эмеспи кайгуулга ушуну жөнөтөйүн дебестен, Алмамбетти кыргыздарда жок артыкчылыктарын баалап, чоочун элдин сырын, жердин уусун билген тажрыйбалуулугун, жетиктигин акылга тутуп, аны чалгынга жиберип, калың аскерди башкартып жатат. Тегерегиндегилер да Манастын бул акыйкат, айкөл эрежесине жогору баа беришип, сыйга сый, сыр аякка бал дегендей, көк жал баатырды ичтеринен терең кадырлашып: “Улуу Манас турганда, жалтансак кудай урбайбы, арстан Манас баатырдын, аркасынан жүрөлү, атышкан жоосун сүрөлү” дешип, өздөрүн жол башчыга өтө берилгендиктерин көрсөтүшөт. Манас баатырдын айкөлдүгүн, арстандыгын көрүп Акбалта карыя: “Кабылан Манас өзүңө, караан болуп турбасам, Акбалта атым өчпөйбү, башымдан сыймык кетпейби. Маңдайда баргек тынарым, балбылдап күйгөн чырагым”-деп агынан жарылып ачылса, Ат-Башыдагы Кошой бабабыз “Алтайдан Манас табылды, абийирим минтип жабылды”, деп ыраазы болуп, санаасы тынгандай болот.
         “Манаста” журт башында турган көсөмдөрдүн, баатырлардын өз ара мамилеринин тамыры “ак калпак калктын аёолуу кызыкчылыктары” деген жогорку чекиттен кездешип, ошол уюлдан жалгашып, өрүлөшүп, анан бери карай түшүп келет. Алардын өз ара  бекем рухий ширелишкендигинин башаты ошол жакта.
         Эпосто Манастын образы аркылуу калк башчысы, мамлекет жетекчиси, ажо, кан жөнүндөгү элдин идеалы берилген. Манас-бул ажонун символу. Манас кандайдыр бир айла-амал менен, дос тамырлардан турган колдоочу кожолордун жана сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен, жулунуп мансапка умтулгандыгы аркасында бийликке келбейт. Манас бүткүл калк алдында өзүнүн эмгеги менен көрүнүп, баатырлыгын жана кеменгерлигин далилдеп, анан кандыкка көтөрүлөт. Манасты калк чуркурап өзү кан көтөрөт. Демек, улуу эпосубуз бизге башчынын, падышанын такка келиши жолу акыйкаттын, чындыктын жана мээнеттин жолу болуш керек деген идеяны айтып турат.
         “Балдар, башчысы болбой маарыбайт, Баш-аламан жарыбайт”,-делет “Манаста”. Калайык-калк качан маарыйт? Манастай башчысы болгондо маарыйт. Эл баш-аламандыктан качан арылат? Манастай башчы болгондо гана эмес, ошол ажонун айланасында элдин, мекендин жогорку кызыкчылыктары үчүн жуурулуша баш кошкон, бири-бирине кылдай арамдыгы жок, ниети аппак, пейили булактай таза Бакай, Кошой,  Ажыбай, Каныкей, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Кырк чоро сыяктуу жол көрсөтөөр чыгаандар жана кеменгерлер турганда гана журттун иши оңолуп, ташы өйдө кулайт деген өтө баалуу, терең маанилүү ой берилип жатат. Ырасында эле, Манас ажонун сиңирген эмгеги жана көрсөтүп турган таалими ушунда: ал өз тегерегине, азыркыча айтканда, жогоркудай күчтүү команданы топтой алгандыгы үчүн кыргыз калкы кырылып, жоюлуп кетүү коркунучунан аман калып, кайрадан эл болуп биригип, өз алдынча мамлекет болуп, эңсеген мүдөөсүнө жетет. Акылмандыгы жана арстандыгы аркасында ар кай жакка чачылып кеткен кыргыздарды баш коштуруп, бириктирип, Ала-Тоо конушту кайра алып, “кулаалы жыйып куш кылган, курама жыйып журт кылган” эмгеги, эрдиги үчүн биз Манас атага түбөлүк таазим кылып, ар дайым өрнөк кылып, аны менен сыймыктанып, төбөбүзгө туу кылып көтөрүүгө тийишпис. Тарыхтын бурганактуу буйткасында буюккан эгемендүү жаш жумуриятыбыз журт башында турган “Манастагыдай” күчтүү командадан тукулжурап кыйналып турган кезде, Манас ажонун азыркы тил менен айтканда, кадр тандоодогутурган мындай өрнөгү кыргыз үчүн өтө керектүү сабак. Соңку тарыхыбызда да башкаруу чөйрөлөрүн уюктап калган “Абыке Көбөштөр”, ар кандай “көзкамандар” Ата Мекенибиздин казына-байлыгын аёосуз түрдө талап-тоношуп, өлкөбүздү очорултуп отургузганына күбө болдук. “Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болот”, “Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат” деген макалдардагы нусканы көңүлдүн борборунда тутуу оң. “Кара өзгөй болсо калкына,  калктын жетпей баркына, акимдин жайы-кара жер” деген акылман Арстанбек. Журт башчыларынын, акимдердин арасында “Абыке Көбөш алты арамдар”, чолок акыл, кыска ойлуу мансапкорлор, өз көмөчүнө күл тарткан кара жемсөө атка минерлер, кой терисин жамынган карышкырлар, колдоонун күчү менен кожо болгондор көбөйгөндө, мамлекеттин дубалдары кулап, туусу жыгылганына тарых күбө өтүп келет. Бүгүн кыргыз мамлекетине кадр философиясы керек. Кризисте турган кыргыз коому өзүн локомотив сыяктуу сүйрөй турган күчтүү инсандарга-кадрларга кардар. Мерчемдүү түйүндүү кызматтарда, башкаруу рулдарында ишкердик сапаттары, уюштуруучулук таланты, жемиштүү жаратмандык тажрыйбасы менен эл көзүнө көрүнгөн, акылы кенен, профессионал, коомдун өнүгүүсүнүн муктаждыктарын кылдат туюп турган, татаал экономикалык,  социалдык-маданий проблемаларды талдап түшүнө билген, улуттун, калктын стратегиялык кызыкчылыктарынан жана мүдөөлөрүнөн чыгып маселе чечкен элдин энергиясын, түзүүчүлүк потенциялын керектүү нукка багыттай алган, инновациялык чыгармачылык ишмердикке жөндөмдүү, адептик-ыймандык жүзү таза, талапчыл, принципиалдуу, Манас атабызча “үзүлгөндү улайлы, чачылганды жыйнайлы, жоголгон жокту табалы” деген патриот инсандар турганда гана мекенибиздин арышы кеңип, ташы өйдө куламак. Эгерде, жаман да болсо, өз короомдон кочкор салам деген принциптин негизинде коомун эмес, коктусун ойлогон, улуттун эмес, уруусун ойлогон жамандар, Абыке-Көбөштөр жооптуу кызматтарга көтөрүлө берсе, анда бул элдин кайгысы жана шору болмок. Бүгүнкү биздин бийлик башчыларыбыз улуу мурасыбызда катылып жаткан жанагындай кадр философиясы үйрөнүп, аны көкүрөктөрүнө түйүп, Манас атанын өрнөгүн ээрчип иш жүргүзүүнү үйрөнүшкөндө гана эл ишеничин актай алышмак.
 
 
Советбек Байгазиевдин “Улуу манас баатыр- урпактардын патриоттук идеалы” китебинен алынды.
       
 
                                           Даярдаган:  Ашымова М.