Өз очок-коломтоңдон бакыт табуу жөнүндөгү осуят, Манастын ар-намыстуулугу

2018-06-13 10:20:37
       Алтайдан келген Манас өз ата-бабасынын жерин-Ала-Тоону “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы, береке экен, бел экен, жердеген адам бай болор, түгөнбөс ырыс-кен экен”, -деп толкундануу менен мүнөздөйт. Бирок айта турган нерсе, албетте, ушул жерди жөн эле конуштаса эле, жердесе эле ал өзүнөн өзү ырыска тунуп, бай болуп калбас. Манастын логикасынан ушул жерди барктап-баалап, кадырына жетип, чекеден тер агызган ак эмгек менен кетмендеп иштетип, жанагы Алтайга ооп барган  кыргыздарчылап (кыргыздардын түн уйкусун, күн тынымын билбей, өмүр же өлүм деген өжөр эмгек-мээнеттин натыйжасында экономикалык жактан буттарына турушуп, бөтөн жерде өздөрүн өздөрү сактап калууга жетишишкенин эстейли), “төбөсү менен жер казып”, түйшүктөнсө гана адам ырыс-кешикке, түгөнбөс береке-байлыкка ээ болмок деген идея чыгып турат. А азыр эгемендүүлүктүн учурунда болсо, мындай кылуунун ордуна “жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы” делген берекелүү асыл жерибизди таштап, бакытты башка жактан табам деп, чоочун жактарга тентип кетип жатышкан кыргыз жарандарынын тагдыры кандай  өкүнүчтүү жана кайгылуу.
      Эпосубузда Манастын күтүүсүздөн ажолук тактысын таштап, айтылуу Боз талаага келип, дыйкан болгонун көрсөткөн сюжет бар, айтылуу Боз талаада баба дыйкан аксакал менен өнөктөшүп, Манас баатыр тынымсыз дыйканчылык кылат. Мына ушинтип, Манас Баба дыйкан чал менен бирге күн-түн тер төгүп эмгектенип, Боз талааны гүлдөтүп, кызылды кырманга тоодой кылып үйүп, акырында атактуу Аккула тулпарды ак эмгеги менен өстүргөн буудайдын түшүмүнө алмашып алат.
      Байкасак, Манастын жогорудагы Ата конуш-Ала-Тоо жөнүндөгү улуу сөздөрүндө жана Боз Талаада кызылды кырманга тоодой кылып үйгөн дыйканчылык өрнөгүндө өтө терең маани бугуп жатат. Бул жерде кереметтүү бир боор Ата конушу береке-байлыктын алтын казынасы катары караган өзүнчө бир концепция жана өз бир тууган жериңден, өз очок-коломтоңдон бакыт табуу философиясы осуятталып жатат. Акырында бир сөз менен айтканда, эгерде биз Манас атабыздын туулган жер жана анын кучагынан бакыт-таалай табуу жөнүндөгү ушул осуяттын терең аңдап-туюнуп, аны идеологияга айландырып, бекем тутунуп жашай билсек жана мындай улуттук философияны урпактарыбыздын жан дүйнөсүнө отургуза алсак, анда өзүбүздү да, өлкөбүздү да гүлдөтүп өстүрөр элек.
         Эпостун сюжеттик окуяларына тигилип отурганда, ошол окуялардан Манастын бүт турушу менен ар намыстын, болгондо да өзүнүн жеке ар намысынын гана эмес, жалпы кыргыздын, улуттун ар намысынын адамы экени көрүнөт. Өзүнүн атуулдук ар намысы жана элдин ар намысы, мамлекеттин ар намысы-Манас үчүн ыйык. Маселен, “Көкөтөйдүн ашында” Нескара, Жолой, Коңурбай баш болгон калмак-кытайдын калдайлары Мааникер күлүгүңөрдү бергиле, болбосо чаап кетебиз деп кыргыздарды жөөлөп, коркутуп турганда, капыстан Таластан кырк чоросу менен күркүрөп ашка кирип келген шер Манас, эзелки жоону эсирген үлкөндөрүнүн маңдайына ат ойнотуп тура калып, “оозунан түтүн буркурап, көзүнөн жалын шыркырап”, минтип турат:
         Өрдөшкө жатар чагым жок,
         Өлүмдөн аяр  жаным жок,
         Кайра жаным барында,
         Кытайга тартар малым жок,
         Мааникер берер чагым жок.
         Ардактап ашка чакырдым,
         Абийириң менен этим же.
         Алуучу калмак, сен эмес,
         Адырчу кыргыз, мен эмес
         Чабуучу кытай, сен эмес
         Чаптырчу кыргыз, мен эмес!
Манастын элинин, жеринин аброю, ар намысы үчүн бардыгына даяр экендигинин өлүмдөн кайра тартпай турган түрүн көргөндөн кийин калмак-кытайдын Нескарасы:
         “Тоо жердеген бурутка
         Тоодою Манас чеп экен,
         Келберсиген эр экен,
         Ушу турган бурутка
     Бир жаралган шер экен”.-деп ичинен күбүрөнүп, кыргыз ажосунун артыкчылыгын моюнга алып, артка кетенчиктөөгө аргасыз болот.
         Дагы бир мисал. Ошол эле “Көкөтөйдүн ашында” эр сайышка чыкканда, ага каршы сайышка мен чыгайын деп, Алманбет Манастан суранат. Бала күндөн басташып жүргөн жоом эле, кезекти мага бер деп өтүнөт.  Ошондо Манас Алманбетке мындай дейт:
         “Ай, Айлаке, көкжалым,
         Кара кытай, манжуу журт
         Ушак кылып жебейби,
         Соорондуктун жалгызын,
         Качып барса бурутка
         Аябастан өлүмгө
         Кармап берди дебейби?
         Калмак шылдың кылбайбы?
         Кыргызды кудай урбайбы.
         Бул Алманбет көкжалдын
         Бактысы мындай сынбайбы!
         Өсөк кылып жебейби,
         Кантип жүргөн калмакты
         Өлүмгө берди дебейби!
         Колундагы сыр найза
         Таяп калды дебейби,
         Коңурбайдын Манасты
         Жалпы журту чогулуп,
         Аяп калды дебейби!
Бул жерде да, Манастын биринчи иретте, кыргыз журтунун, мамлекетинин ар намысын ойлогон чоң саясатчы экени ачыкка чыгып турат. Чынында эле, Кытайдан келген Алманбетти кайра Кытайлыктын өзүнө каршы сайышка чыгарышса, аштагы бөтөн эл-журт эмне дейт эле? Кыргыздын өзүнүн найзакери жокпу деген сөздүн чыгаары анык.
       Күңкордуктан кутулуп, өзүнүн эгемендүүлүгүнө ээ болгон кыргыз мамлекетинин күч-кубатын, Каркырага жайылган алыскы-жакынкы  калктардын алдында даңаза кылуу, ак калпак журттун ар намысын сактоо мүдөөсүнөн чыгып, Манас  Алманбеттин өтүнүчүнө терс жооп берип, Коңурбайга каршы сайышка өзү чыгат.
       Кыскасы, Манас баатырды улуттун ар намысынын символу десек эч жаңылбас элек. Бүгүнкү кризиске тушуккан эгемендүү Кыргызстандын биринчи жетекчисинен тартып, катардагы жарандарына чейин  дал ушул Манас атадай калк камын ойлогон ар намысчыл боло билишсе, өлкөбүздүн “ташы өйдө карай кулап” турар эле.
 
 
 
 
Советбек Байгазиевдин “Улуу манас баатыр- урпактардын патриоттук идеалы” китебинен алынды.
       
 
                                           Даярдаган:  Ашымова М.