Манастын сыйынган улуу идеясы, ата журт кызыкчылыгын кайтарган ажо

2018-06-13 10:27:25
    Өзүнчө суроо туулат. Манастын ошол тубаса шердигин, кара көк жал баатырдыгын ич жактан азыктандырып, шыктандырып, ого бетер оттой жалбырттатып, алоолонтуп турган бир көмүскө күч барбы? Эрдик, шердик ким үчүн? Кайсыл ыйык нерсе үчүн? Манас не үчүн “тоодон кулаган таштай чимирилип”, өмүрүн тобокелге салат? Шердик шердик үчүнбү же шердиктин түпкүрүнө түйүлгөн сыр барбы?
         Түз айталы, ооба, сыр бар, күч бар. Бирок жоопту тикелей айтуудан мурда мына мобуга көңүл буралы. Кытайлык Алооке хандын аскеринин күтүүсүз агрессиясына кабылып, тымтыракайы чыгып, туш-тушка чилче тараган, ар кай жерде андаалап көр турмуш өткөрүп, эл катары жок болуп кетүү коркунучу алдында турган бир боор кыргыз калкынын кайгылуу тарыхынын мисалында, тентиген бурут атыгып, душмандын көзүн карап, кейип-кепчип күн көргөн Алтайлык кыргыздардын күнкор тагдырынын мисалында, ошол Алтайдагы ак элечек байбичелердин, ак калпак  карыялардын тууган жер деп, “Кара өзөн кайда, бел кайда? Аталаш кыргыз эл кайда?” деп буркурап ыйлаган муң-зарынын мисалында, өзүнүн Алтайдагы балалык ачуу тажрыйбасынын мисалында, жаш Манас мына момундай жыйынтыкка келген: Ата конушуң, эли журтуң жоонун, үстөмчүл кара күчтүн колунда болсо, булуттуу көктүн астындагы, муундуу чөптүн үстүндөгү өмүрүң кор, ичкениң ирим, жегениң желим. Этек-жеңиңди жайылтпай, канат-куйругуңду кыркып турушат. Дүмүрүң түбүнөн казылат, түркүгүң суурулат. Таманга басып жүн кылат, ачык күнүң түн кылат, койдой айдап кул кылат. Өз Ата журтуңда бутту кенен сунуп, атуул катары алчактап жашай албайсың. Эркин жериң болсо, эркин элиң болсо гана, өз тагдырыңа өзүң кожоюн болсоң гана сен бактылуу кишисиң, Ата конушуңдун эркесисиң.
         Манас талдап келип, мына ушундай ынанымга, ишенимге бекиген. Анан мына ушундай ички терең ишенимден чыгып, ар жерде чачылып калган кыргыз калкынын башын кошуу, бириктирүү, душманга каршы аёосуз күрөш ачуу, Ата журтту боштондукка чыгаруу, элдин башын азат кылуу, кыргыз мамлекетин түзүү сыяктуу опол тоодой максаттарды, башкача айтканда, чачылганды жыйноону, үзүлгөндү улоону, жоголгон жокту табууну, “Кулаалы жыйып  куш кылууну, куранды жыйнап журт кылууну”-кечиктирилгис практикалык милдет катары өз алдына  койгон. Бул милдеттер анын атуулдук, адамдык ар намысынын, абийиринин иши болуп калган. Демек, Манастын шердигинин, эрдигинин түп жактан жандуу мүрөк суусундай азыктандырып турган күч-бул Манастын ичтен карманып, туу тутуп, сыйынган ыйык идеясы, бардыгынан жогору койгон эң бийик дөөлөтү. Ал ыйык идея- ак калпак калктын азаттыгынын, эркиндигинин, көз каранды эместигинин идеясы, ата журттун боштондугунун, эгемендүүлүгүнүн, журт биримдигинин улуу идеясы. Манас ушундай улуу мекенчил идеяны өзөгүндө сары майдай сактап, жүрөгүнүн толтосунда алдейлеп, көк асабадай желбиретип төбөгө көтөрүп, ушундай улут идеясы үчүн каруусун казык, башын токмок кылып, кыйын кырдаалдарда жарадар жанын аябай, “тоодон кулаган таштай чимирилип”, өрт кечип күрөшкөн улуу патриот, “Калкым кыргыз, сен үчүн, курман болуп кетейин, найзалашып топ бузам, тагдыр жетсе окко учам” дейт Манас. Манастын кара көк жал шердиги Ала-Тоо мекендин,  ак калпак журттун азаттыгы үчүн. Мындай бийик мүдөө үчүн ал кара башын курман чалууга даяр. Мына ошентип, шер Манастын эч нерседен кайра тартпаган, жалтанбаган ченде жок баатырдык жүрүм-турумун, түпкүрдөн күч-кубат берип турган нерсе-бул улуу патриоттун өйдөкүдөй Ата журт боштондугун философиясы. Манастын шердигин, эрдигин ичтен жөлөгөн, ысымын кылымдардан кылымга даңазалаган, баатырды бийик деңгээлдеги руханий чокуга көтөрүп чыккан кудуреттүү күч-анын дал ушул мекенчил улуу философиясы болуп саналат.
      Айтылуу тарыхчы бабабыз Омонаалы Сыдык уулу өзүнүн “Кыргыз Шабдан тарыхы” эмгегинде Кокон хандыгынын үстөмдүк доорун эскерип, минтип жазат: “Эми айтпай кетсек болбос, Сарт улуктарынын жамандыгына, зулумдугуна тундук. Кой деп малыбыздан зекет алар эле. “Адамга да зекет бар, сулуу кыз бересиңер” деген. Мал санаганда ат баккан адамдары чыгып санаар эле. Элүү кой санаса, бир чыны чай колунда турат эле. Көк шалыдан өтүгү бар такасы бийик, ошол өтүгү менен салынган көрпө, жаздыкты тепсеп булгаган”. Биз ошол тепселеген, булганган жаздыктарга символдук маани бергибиз келип турат. Албетте, ал жаздыктар айрым кишилердин жаздыктарыдыр. Бирок, Ата журттун да өзүнүн ыйык жалпы жаздыгы болот. Ал ыйык жаздыкты эч убакта чоочун буттар тепсөөгө тийиш эмес. Ата журттун ак жыздыгы кол тийгис. Аны улуттун алтын башы жазданып жатат. Айкөл Манастын баскынчы Алооке ханга арстандай күркүрөп айтып турган төмөнкү сөздөрү ар дайым кулагыбызда жаңырып турса дейбиз:
         Кытайды Манас тим койду,
         Кыргыздын жерин жердөөнү
         Алооке сага ким койду?
         Атамдын жерин элөөнү
         Ант ургур сага ким койду?
         Көмкөрүп салам калааңды,
         Көп чукуба жарамды,
         Көчүп алып тез жогол,
         Көргөзбөгүн карааңды.
Манастын арстандай айбатынан корккон Алооке хан Анжияндагы ордосун таштап, түнү менен Кытайга качып жоголот. Улуттун алтын жаздыгын чоочун буттарга тепсетпөө ар бир атуулдун эң биринчи патриоттук милдети, атуулдук парзы. Ата мекендин ак жаздыгын булганыч буттарга кордотпоо жагынан улуу Манас атабыздын өрнөгү бизге кашкайган үлгү.
       Манас атабыздын саясий жана патриоттук акыл-эси ар дайым сергек. Ал күнү-түнү көзүн жумбай, ак калпак элди, Ала-Тоону сак-сактап кайтарып, журт кызыкчылыгына шек кеткен жерде арстандай күркүрөп, кара күчтүн алдын тороп чыга келет. “Алуучу калмак сен эмес, алдырчу кыргыз мен эмес, чабуучу кытай сен эмес, чаптырчу кыргыз мен эмес” деп, ал эл-жерининин чегинде ар дайым бекем турат.
      Ал эми бүгүнкү күндүн реалдуулугуна карасак, дал ошол Алооке хандын тукумдары Ала-Тообузга тынымсыз койдой чубуруп кирип, барган сайын сан жагынан төбөдөгү кара булуттай калдайып улам өсүп, чоңоюп барат. Бүгүнкү биздин эл башчыларыбызга жогорудагы тарыхчы бабабыз Осмонаалы Сыдык уулунун “өз ата конушуңда чет жактан келген келгиндердин кулу болуп калбастын айласын кылуу керек” деген осуятын улам эскертип, мамлекетибиздин ар бир аң сезимдүү жараны Ата журтубуздун чегин илгерки Манас атабыздай кайтарып, сак туруубуз зарыл.
          Манас-калк кызыкчылыгын кайтаруунун символу!
 
 
Советбек Байгазиевдин “Улуу манас баатыр- урпактардын патриоттук идеалы” китебинен алынды.
       
 
                                           Даярдаган:  Ашымова М.