Манас менен Бакайдын улуу достугунун пайдубалында кандай улуу ой, идея жатат?

2018-07-24 18:51:19
         Бакай Манас баатырдын сыймыктанган үлкөн чоросу, кыйышпас досу, бир чети жакын агасы. Эпосто “абаң Бакай курдашы, арстан Манас көк жалдын, а дүйнөлүк сырдашы” деп сыпатталат. Ушул ыр саптарындагы ойдун чындыгын ырастагандай, Манастын өзү да эпостун сюжетинде: “Маңдайымда барааным, байтерек Бакай карааным, айтышканда сырдашым, наалышканда муңдашым”- деп сырын төгөт. Демек, Манас менен Бакай бири-бири менен өзгөчө терең мамиле менен ширелишкен, бири-бири менен жаны бирге, эпостун өзүндө айтылгандай, “ак буудайдын унундай жуурулушкан, ак бөкөндүн кылындай суурулушкан” достор.
Бирок бул экөөнүн сырдаштыгы, муңдаштыгы жөнөкөй гана пендечилик деңгээлдеги ынактык эмес, демейки көртирлик ынтымак эмес, же болбосо, туугандыктан келип чыгып отурган биргелик эмес. Бул экөөнүн ширелишкен достугунун мативи өзгөчө, бөлөкчө. Экөөнүн достугу башкача өзгөчө жаралган. Баатырлардын өз ара жуурулушкандыгынын себептеринин алардын көкөлөгөн акыл-тире ой маданиятынын жана патриоттук рухунун бийиктигинен издөө кажет демекчибиз. Андай болсо, кеп оролуу мында. Манас өзү дегеле, бу турмуштан кимди, кандай адамды издеп жүргөндүгү жөнүндө Бакайдын алдында төмөндөгүдөй деп сырын ачат:
         Баатырдыгы башкача
         Шерди издеп жүрөмүн!
         Өзүм менен бир өлчү
         Теңди издеп жүрөмүн,
         Жаза тайып окко учса,
         Сөөктү ачык таштабай,
         Жерди казып көмүүчү,
         Жолдош издеп жүрөмүн,
         Бирөө миңге жараган,
         Жолборс издеп жүрөмүн
         Өзүмдү өлчөп билемин.
         Өлүм орток, жан бирге,
         Өзүмдөн артык эр болсо,
         Абыдан жолдош кылууга
         Ошону сурап жүрөмүн.
         Кыйрашар жоом кыйла бар.
         Басташар жоом далай бар.
         Найзаны бирге сайышчу,
         Чалгынды бирге чалышчу,
         Жоону бирге жоолашчу,
         Калың түмөн жоо чыкса,
         Кайгыланган доо чыкса,
         Айта-буйта дегиче,
         Ачып көздү- жумгуча,
         Астын үстүн салдырып,
         Сүрчүнү издеп жүрөмүн.
Мына ушундайча чын жүрөктөн төгүлгөн монологдон, агынан жарылган ачык сырдан биринчи иретте, өзүнө чоро, жолдош, дос боло турган кишиге Манастын койгон талабынын, чен-өлчөмүнүн, бийиктигин, жогорулугун көрүүгө болот. Айкөлгө чоро, жолдош, дос болчу адамга койулуучу, башкы чен өлчөм-терең байкасак, шериктештин Манас менен идеялаштыгы, мүдөөлөштүгү, тилектештиги, жүрөктөштүгү, дилдештиги, өзөктөштүгү жана көйкашка баатырдыгы экен. Манастын ак калпак кыргызды азаттыкка чыгаруу бойунча алдыга койгон мекенчил мүдөөсү ыйык жана бийик мүдөө. Бийик мүдөөнү жүзөөгө ашыруу зарылчылыгы бийик адамдык сапаттарга муктаж. Ушу муктаждыктан чыгып, Манас руханияты  жолборсту, жүрөгүндө жалы бар шерди, “тар жол, тайгак кечүүдө” тагдырлаш аккан досту издейт. Айкөлгө идеялаш, мүдөөлөш, тилектеш, өзөктөш болуу деген нерсени-бул чабылып- чачылып, азап-тозок тарткан кыргыз элин кулчулуктан куткаруу үчүн Манасча карууну казык, башты токмок кылуу, Ата Журт үчүн Манасча жанды курман кылууга даяр турган берен болуу, “калмак, кытай, манжуга качырып найза сунууга” жарамдуу көкжал болуу, Ала-Тоонун азаттыгы, ак калпак калктын мамлекеттүүлүгү үчүн антка-шертке бекем туруу деген кеп экени өзүнөн өзү түшүнүктү. Эгерде мындай чоң жүктү аркалоого жарамсыз болсо, киши тууган болсо да Манастын муңдашы, сырдашы боло албайт.
Манас дал жогорудагыдай чен-өлчөмдөрү менен тазалап, өз айланасына кырк чорону топтоп келген экен. “Кырк жерден келген кырк кашка, кыркынын жону кырк башка” делет эпосто. Демек, чоролорду шериктеш кылууга алардын ар биринин кашкөйлүк сапаттары негиз болгон. Бирок Манастын дале болсо ичинде арманы бар. Ал “Издеп тапсам канаке, телегейи тегизди, өзүмө теңтуш эгизди, берен таппай, эл таппай, жаныма жолдош кылууга, өзүмө катар шер таппай”-деп күйүт чегет. Манастын күйүтү жердин түбү-Желпиништен өзүн издеп келген Бакай менен жолугуп, сырдашкандан кийин, аны менен “кою короолош, ашы жоролош” болгон соң басылат.
         Бакай өзү жөнүндө Манаска мындай дейт: “Менин жайым сурасаң, өөдөсү бийик белдирмин, өткөрө көк жал шердирмин, дөөлөттүүгө табылчу, төрө абаң Бакай мендирмин”. Бул сөздөр көкүрөк каккан мактануу эмес. Тескерисинче, баланыкындай түздүк менен айтылган акылмандын чынчылдыгы, өз кадыр-баркын билген, өзүн өзү таанымы өөрчүгөн адамдын сырчылдыгы го. Байкасак, Бакай  жаш чагынан тартале баскынчы душмандын таманы алдында тепселип, кор болгон Ата мекени үчүн күйүт чегип, бир боор эл-журтту кулдуктан куткаруу үчүн жоого каршы жол баштаар баатырдын чыгышын эки көзү төрт болуп күтүп, эгер ошондой көк жал шер эл ичинен чыкса, аны менен “чалгынды бирге чалууга, доону бирге доолашууга, жоону бирге жоолашууга” даяр болуп, атыгүл ошондой шерди жер кыдырып, эл кыдырып издеп да жүргөн экен. Армандуу Бакайдын төмөнкү атуулдук- граждандык күйүттүү толгонуууларын толкундабай окууга мүмкүн эмес.
         Кабарым билип отурган,
         Кадырман кыргыз элим жок,
         Уктап жатып түшүмдө,
         Каймана көрдүм Манасты,
         Эптеп таап Манасты,
         Мурадыма жетүүгө,
         Табалбасам Манасты,
         Бул жалганчы дүйнөдөн
         Курман болуп өлүүгө...
Эмне үчүн Бакай курман болуп өлүүнү артык көргөн? Эгерде бир боор элимди кулчулуктан куткараар шер чыкпаса, андай шер менен биригип күрөшө чыгалбасам, кыргыз журту чачылып-чабылган бойдон акыры, жок боло турган болсо, анда эли-журтумдан ажырап, Ата мекенсиз бу жарык дүйнөдө эч кандай мааниси жок, андан көрө өлүп калган артык, деп Бакай оор санаага батып турат.
Капыстан Алтай тараптан Манастын атагы дүңгүрөп угулганда, Бакай энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп: “оо өчкөн отум тамган бейм, өлгөн жаным тирилип, кудайым тилегимди берген бейм”, -деп тебетейин көккө ыргытып, жаш баатырга кошулууга ашыгыптыр. Тилегине жетип, калайык-калкты артынан ээрчиткен башчыга кошулаары менен жалындаган патриоттук сезиминен улам:
         “Алты- Шаар, Маргалан,
         Аягы Кокон, Самаркан
         Кутуруп жаткан душмандан
         Ажыратып алалы!”- деп Манастын алдында илгертен ата-бабалар жердеген аймактарды баскынчы Алоокеден акыры аягына чейин бошотуу демилгесин көтөрүп, боштондук чабуулун баштайт.
         “Өөдөөсү бийик белдирмин” деп айтпайбы, Бакай. Мунусун биз анын асман челген ак карлуу белдей инсандык бийиктиги деп түшүнөбүз. Бакайдын идеалык бийиктиги анын азаптын туткунундагы Ата журт, анын боштондугу жөнүндөгү өйдөкүдөй атуулдук философиясында. Анын бийиктиги мекенинин кулдукта жаткан абалы үчүн өзүн күнөөлүү сезген граждандык ар- намыстуулугунда. Ал өйдөгө “Төрө абаң Бакай мендирмин” деди го. Чынында, Бакайда “Төрө” деген расмий титул же мансап-даража деле жок. Бирок биз бул сөзүнөн анын мекенчил бийик идеалардын төрөсү экендигин, жогорку интеллектин жана рухтун аристократ экендигин түшүнөбүз. Бул жерде Бакайга жоолуккан Манастын бактысы тоодой деп кантип айтпай коё албайбыз. Манас өзү эңсегендей телегейи тегизди, өзүнө теңтуш эгизди, өзү катарлуу эрди, идеалашты, мүдөөлөштү таап отурат. Бакай сырткы келбети, көрүнүшү жагынан да Манастын көөнүндөгүсүнө туура келип отурат.
         Караганы жолборстой,
         Катылган аман болбостой
         Бука моюн, буура сан,
         Булкушканды куураткан,
         Көк тулпар сындуу ат минген,
         Көк темирден тон кийген,
         Баатырдыгы башкача
         Көк жалдыгы көп канча
         Көк сүлөөсүн бөрк кийген,
         Көк ала калкан ойногон,
         Бетине каары айланган,
         Он эки батман чоюн баш
         Оң жагында байланган.
   Манас Бакайдын “ажалдан кайра тартпаган, атышкан жоодон кайтпаган шердигин, билбегенди билгизген билгичтигин, туйбаганды туйгузган туйгундугун түшүнүп, эл-жер деп соккон жүрөгүн тыңшаган соң, кудайдын бергени ушул деп, чечекейи чеч болуп: “Тулпардын башын буруп бер, ата болуп өзүмө, тутка болуп туруп бер, кара жаак айбалта кайкалатпай аштаңыз, казак менен кыргыздын, жолун өзүң  баштаңыз”, деп абасына кучагын ачып, ак көрпө жайыл болот.
         Кыскасын айтканда, Манас менен Бакайдын өз ара жуурулушкан биримдигинин тамыры журт боштондугу, ак калпак кыргыз эркиндиги үчүн, көз карандысыз кыргыз хандыгын, мамлекетин түзүү, “кулаалы жыйып куш кылуу, куранды жыйнапп журт кылуу” үчүн “башты канжыгага байлаган” каарман күрөштүн улуу идеясына барып такалат. Ошон үчүн жогоруда эки кеменгердин достугунун мотивин алардын интеллектисинин тереңдигинен жана акыл-эс бийиктигинен издөө зарыл, деп бекеринен айтпаганбыз. Алардын биримдиги Улут кызыкчылыгы деген улуу өзгөчө ойдон агып чыгат. Бул жагдайды академик Болот Юнисалиев “өскөн жерди, туулган элди сүйүү мотиви каармандардын кылган аракеттерине, кулк-мүнөзүнө ар дайым жетекчилик кылат” деп туура белгилеген. Экөөнүн достугу, дагы айталы, бийик идеялык чекиттен кездешкен философиялык достук. Ата журт эркиндиги философиясы эки шер үчүн эч нерсе менен алмаштырылгыс эң жогорку дөөлөт. Ушул жогорку дөөлөткө кызмат кылууну экөө өмүрдүн маңызы катары санашат. Экөө ички ой-тилек, мүдөө максат жагынан эгиздер. Эки шердин ичтен ширелишкендигинин, жуурулушкандыгынын себеби ушул жерде.
         Экөөнүн дүйнөгө кең карагандыгы, айкөлдүгү ушунда деңиз, булар өмүр бою бири-бирине терс караган жок, майдачылыктан өйдө турушту, кандайдыр бир ич күйдүлүктөн, көрө албастыктан оолак болушту. Даражага манчыркашпады. Бийликтин мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланышып, өз көмөчүнө күл тартууга, өз кызыкчылыктарынын артынан кубалап, байлык топтоого, көр дүнүйө чогултууга азгырылышкан жок. Элдик ыйык улуу мүдөөөрдү башка бирөөгө алмаштырышпады. Өмүр бою бири-бирин алдаган жок, бири-бирин саткан жок, бири-бирине чыккынчылык кылган жок. Өздөрүнүн идеяларына жана достук мамилерине ак бойдон, таза бойдон кала беришти. Максат кууган жолдогу таза кызматташтык, таза мамиле экөөнү ого бетер өзөктөш, жүрөктөш, дилдеш кылды. Мындан улам Манас менен Бакай бири-бирин ого бетер урматташып, ыйык тутушуп, ынтымактары улам болоттой бекемделип турду.
         Бакайдын ак кызматына, өзүн “ээрчитип жүрүп эр кылган, эр уулу менен тең кылган, сайып жүрүп бак кылган, салып жүрүп там кылган” мээнетине ичинен ыраазы Манас, абакесине мына моминтип агынан жарылып ачылып турат:
         “Үзүлгөндү улаган,
         Чачылганды жыйнаган,
         Эрчитип жанды эр кылган,
         Эр уулу менен тең кылган,
         Эгизим, Бакай, кырааным,
Бул агыл-төгүл айтылган сөздөрүнөн Манастын Бакайдын сөзүн эки кылмак түгүл, ага жанын берүүгө даяр экендиги көрүнүп турат. Буга кошумча, Манас Бакайды “капилеттен сөз тапкан, караңгы түндө көз тапкан, астыга салса ак жолум, артта жүрсө сан колум”- деп даңктап көкөлөтөт. Өз кезегинде Бакай Манастын эл алдында берген антына бекем туруп, “кум чогултуп, таш кылып, кыраан Манас, эр көк жал, кулдарды жыйып баш кылып, Таласты ээлеп жер кылып, азган-тозгон аз элди, кайра жыйнап эл кылып” жатканына терисине батпай кубанып, айкөлгө келип маарыганын, баатырды таап жарыганын, кан Бакай аталып таанылганын ичинен кайра, кайра кайталап, тагдырына тобо кылып, досун “асылым”, “төрөм”, “ жан биргем Манас” деп сүйлөп, жетине албай турат. Манасты кокус ажал-өлүм тооруп, досумдан айрылып каламбы деп ойлогондо, Бакай көзүнөн жашын чубуртуп, ыйлап жиберет.
         Кыскасы, бири-бирине өйдөтө өбөк, ылдыйда жөлөк, учарга канат, конорго куйрук болгон достук акыры эки шерди көздөгөн улуу максаттарга жеткирип тыңды. Эңсеген эл эркиндиги колго тийип, ак калпак журттун эгемендүү мамлекети курулду.
         Бакай Манас өлгөндөн кийин да, айкөл досунун мекенчил идеалары үчүн тик туруп, Манас курган мамлекетти өмүрүнүн акырына чейин коргоп, анын идеологу бойдон кала берди.
         Улуттун стратегиялык максаттарын аркалаган Манас менен Бакайга окшогон инсандар журт туткалары, калктын руханий жол башчылары, улуттун жактоочулары. Мындай жетектөөчү лидерлери жок калк тарых жолунда буюгуп, багытсыздыктын туманында кайда бараарын билбей адашкан көчкө окшош болмок.
         Манас менен Бакай- булар өзгөчө жаралган, бөтөнчө типтеги адамдар. Булар башкалар үчүн жаралган, башкалар гүлдөсүн деп, өздөрү куураган  жандар. Турмушту алдыга сүйрөгөн, Манас менен Бакайдай эл жер деп күйгөн мекенчилдери, жылаңач баатырлары, кеменгерлери бар журт бактылуу журт. Улуттун улуу мүдөсүнө кызмат кылган Манас менен Бакайдын достугу- чыныгы достуктун этабы. XXI-кылымдагы кыргыздын бүгүнкү эгемендүү мамлекети Бакайдай руханий жол башчыларга жана көсөм башчыларга муктаж.
          Советбек Байгазиевдин  “Бакайдын акылмандыгы, жарандык бийик этикасы жана руханий нарк-насили-мектептеги таалим-тарбиянын шам чырагы” китебинен алынды...  
 
 
Даярдаган: Көзөмөлдөөчү Мамырова Мадина