Бейкутчулук

2018-12-10 11:40:29
                                                                                                                                                        Уул үйлөп, кыз берген,
                                                                                                                                                        Уук матап, үй керген
                                                                                                                                                        Ушул күндү ким берген...
 
            Ал жылы Манас Анжиянды кыштап калды. Бакай кошуунду таркатты. Кайгуулга, чалгынга, жети катар кароолго, шаар тартибин сактоого жана дагы ар кандай күтүүсүз окуяларга керек болуп калчудай тандалма кырк миң кол алып калды. Анжиянды башкарып, Алоокенин ажайыпканасын аралап жүргөн Кошой авасын, Көкчө, Жамгырчы, Үрбү, Шыгай, Текечилерди азганакай колу менен Манас кийинки жазга калтырды. Ансыз да ашуулар бекип кыш кирди, Манастын акылы туура болуучу.
            Уруштан жадап кара көңүл болгон, жайчылыкты, бейпилдикти сагынган берендер чер жазууга тоодон тоону кыдырып салбырынга чыгышты. Токойлуу бир тоодон миң бугу атышты. Ошол жер андан кийин Миң-Бугу аталып калды. Бир тоодон сансыз кулжа атышты. Ал жер ошондон улам Кара-Кулжа аталып калды. Ошентип кыштын кыраан чилдеси кирип келди. Шаар ичи жылуу. Алоокеден кутулган элдин көңүлү ачык, пейили кенен. Ал кыш бейкутчулукта бейпил өттү.
           Кыш өтүп, жаз келди. Манас жолго камынды. Нойгут элин башкарып калган Акбалта авасы Манастан Кутубийди сурады, карып калган чагымда, Чубак эр жеткиче Алайга, Алайдагы нойгутка баш-көз болуп турсун деди. Манас макул болду.
Жаз аяктап, жай ысыгы жакындаганда, мөңгү эрип, ашуулар ачылганда, тоолор кийимин жаңыртып, гүл жайнаганда Манас жоролору, колу менен Таласка аттанды. Туш-тушка чабарман чаптырып, кабар жиберип, ар бир элдин, ар бир жердин хан, бек, бийлерин Таласка келсин деп чакыртты. Кокон каны Козубек, Маргалаң беги Малабек, Алты-Шаардан Алабек болуп, төгөрөктүн төрт бурчунан аты-жөнү белгилүү хандарга бүт кабар кетти.
Манас Аксыкентти аралай жүрүп, Чаткалды өрдөй жүрүп, Кара-Буураны ашып, Таласка түштү. Күн чыгыштан күн батышка керилип жаткан кең Талас жаткан экен баатырын күтүп. Алтайда туулуп, ата-бабасынын жерин сагынган Манасы келди Таласына. Бири куулуп Эренге, бири түшүп тереңге кырк чачырап куулган кыргыздын курандыларын жыйнап журт кыла баштаган Манас келди Таласына. Кыргыз жерин тепсеп, элин кордоп турган баскынчыларды кууп чыгып, Ата Мекенин бошоткон Манас келди Таласына!
            Айың менен күнүңдүн
            Бир өзүнөн бүткөндөй.
            Асман менен жериңдин
            Тирөөсүнөн бүткөндөй,
            Алтын менен күмүштүн
            Ширөөсүнөн бүткөндөй.
            Астындагы кара жер
            Жердигинен түткөндөй.
Манас келди Таласына. Астындагы Аккула алчактай басып, Бакай авасы жандап, баатыр жоролору канатташ бастырып, артынан калың кол каптап, Манас Таласын өрдөп баратты.
            Маңдайында багы бар,
            Кулагында шамы бар,
            Алкынып жүрүп бергенде
            Баш Туучалык шаңы бар.
            Соорусунда беш салаа
            Камбар Ата тагы бар,
Кайыптан бүткөн жаныбар Аккула Төрткүлдүн этеги Акчийдин жайыгында бүт Талас эли казганаттап тосуп турган калың караанын көргөндө асман чапчый секирип, тоо жаңырта азынап жиберди...
        Башында “жыландарды аркандай” деп жамактап жүргөн чоро Ырчуул эми такшалып калган экен, алиги ырды ошол ырдап баратты. Ыры ал күндөн бул күнгө, элинин тагдырындай болуп белес-белден беш удургуп бизге жетти.
 
* * *
           Таласка эли көптөн эңсеген бейкутчулук орноду, бейпил жашоо башталды. Бул тынчтык күн жүрүш жагы Ооганга чейин, түн жүрүш жагы Кашкардан ары, күн батыш жагы Сары-Аркага чейин, күн чыгыш жагы Кебез Тоо, Ындыстанга чейин жайылды. Элдин курсагы ток, көңүлү куунак, ар балаадан бейкапар өз тиричилигине киришти. Айрыкча Ала-Тоо аймагы куунак турмушка малынды. Карылар боордо айтегерек отуруп, илгеркиден кеп салат, кымыз ичет, тогуз коргоол ойнойт, ырчыларын ырдатат. Жаштары мал менен алек, колу бошогондо чогула калып көкбөрү тартышат. Кыз-келиндер алтыбакан, селкинчек тээп, түнкүсүн бекбекей айтып короо кайтарат. Дыйкандар жер жыртып, ырыс-кутун жерден издесе, малчылар жайлоолоп көчүп-конуп, кыштоолоп ызгаар жеп, жаздап мал төлдөтүп, өздөрүнчө убара. Тынч турмуштун да түйшүгү көп, алма быш, оозума түш деген жашоо жалкоонуку.
          Манас Таласка келип жай алгандан соң эң оболу Ата конушун кайтарып алганына, элин боштондукка чыгарып, башын бириктиргенин, Ала-Тоодон кас душмандын баарын сүрүп, жетишкен жеңиш жолуна, ата-баба арбактарына деп чоң той берди. Тойго тегеректен сегиз хан келди: Анжыяндан Алабек, Кокондон Козубек, Маргалаңдан Малабек, Самаркандан Санжыбек, Ооганстандан Акун хан, Алты шаардан Айдарбек, Сары Аркадан Айдарбек, Кебез Тоодон Дайлама. Той башында кан Кошой болуп, кыргыздын хандары чогулду: Ташкенден Көкөтөй, Маймундардан Шоорук хан, Эштектерден Жамгырчы, Нойгуттардан Акбалта, Казактардан Көкчө төрө, эки Кемин, Сары Өзөн Чүйдөн Үрбү, Кыпчактардан Камчыбек жана да Манастын жанындагы Кыргыл баш болгон, билерманы Ажыбай, сүрдүүсү Шууту, эптүүсү Тазбаймат, ырчысы Ырчыуул болуп кырк чоро. Манастын жан жоролору кеменгер Бакай башында, эр жетип калган Чубак, Сыргак сабында, өз инилери Абыке менен Көбөш, атасы аксакал болуп карыган, антсе да эл камынан мурун мал камын ойлогон Жакып бай болуп чогулуп, кең отуруп жай кеңешип, ырыс алды ынтымак дешип, бир чырпыкты сындырып, сынып каларын белги кылып, чогулгандардын санына ченеп топ чырпыкты тутамдап сындыра алышпай, бирдик болсо сырттан жоо басып кире албашын айтышып, акыры хандардын ханы болсун деп, ак килем апкелдирип, Манасты отургузуп, жаңы курулуп жаткан Ордону тогуз айланта хандардын баары көтөрүп, басып, Манасты кайрадан хан көтөрүштү. Ай туяктан ак боз бээ чалышып, канына баары колдорун малып, ынтымакты бузганды, чыккынчылык кылганды Аккелтенин огу урсун, ак милтенин чогу урсун, төбөсү бийик Көк урсун, төшү түктүү Жер урсун, төбөсү ачык көр урсун дешип ант беришти. Хандардын ханы болгон Манас жолуна деп салт боюнча байге чабылды. Баш байгеси алты миң жамбы, миң тулпар болду. Анда да касиеттүү Аккула чыгып келип, байге өзүндө калды. Ошентип чоң салтанат, бекем убада менен той тарады.
        Манас Ала-Тоосун бошоткондон кийин Анжиян менен Кокондон, ары жагы Кашкардан, бул жагы Самаркан менен Букардан не бир өнөрү ашкан усталарды алдырган. Чоң атасы Ороздунун Ордосунан калган Төрткүлдү жаңыртпайын деп, арбактарды козгобоюн деп, Бакайдын акылы менен төрткүлдүн төмөн жагына жаңыдан Ордо Сарай салдырды. Заңгыраган Ак Сарай ак мөңгүлүү Ала Тоодон көрк талашып, Таластын көкүрөгүндө эл-жерине таяныч, душманга сүр болуп орноду. Жанында алтымыш кулач баканга тагылган Көк Туу желине жалпылдайт. Туу бетинде көкжал бөрүнүн атырылган баш сүрөтү. Сарай сыртынан үч катар коргон салынган. Сырткы капканын оозун кайтарган үч миң аскер, ортоңку капканы кайтарган да үч миң аскер, ички капканы кайтарган жети миң аскер, андан кийин Ак Сарай. Дарбазасы коло темир, күн жүрүш жакка караган. Күн чыкканда кызгылт нур чагылышып көз уялтат, күн түштө агышы нур чагылышып тик каратпайт, күн батарда, көгүш-жашыл нур чагылышып көздүн жоосун алып азгырып карата берет. Дарбазанын оң ныптасында комдонуп жаткан арстан шердин бедизи, сол жагында чамынып турган кара чаар жолборстун бедизи, дарбазанын үстүңкү маңдайында көкжал бөрүнүн тап берип турган бедизи. Эки капталында жоо киймин кийинген, жоо жарагын шайланган эки дөө актаяк. Дарбаза ачып кирген соң ички көркүн бир күнү карап бүткүдөй эмес. Оюм-чийимдерине алтын жаткан, бурч-бурчтагы гүл өстүргөн куу моюн чөйчөктөрү чылк күмүштөн. Он эки бөлмөсү он эки тарапка тарайт. Ортосу жайык кең бөлмө. Манаска киргени келген хан-бектер оболу ошол боортоло килем салынган, кыркалата жабадан коюлган кең бөлмөдө күтүшөт. Ортодо ары-бери четине алты кулач жеткис тукур бут, тегерек, алтынга бууланган көтөрмө дасторкон. Аны тегеректей отуруп, кеңешке келгендер чакыруу болгуча чай ичишет. Төркү чоң бөлмөнүн көркү өзүнчө: боор дубалдын баарына оймо-сайма оюлуп, алтын менен шыбалып, каухар таштардан миң-сан көз чөгөрүлгөн. Төрүндө хан тактысы. Эки чыканагында дарбаза оозундагындай, бирок чылк алтындан куюлган арстан менен жолборстун бедиздери, желкесинде көкжалдын тап берип турган бедизи, төбөсүндө алтымыш имерилген ажыдаардын бедизи. Хан таажысын кийип, оң колуна алтындан кол асабаны алып, Манас тагына отурганда кеңеш сурайм, кеп салам деп кирген не бир эрлер сүрүнөн жалтанып те эшиктен бери жеткиче эки тизеси калтырап, жакындай бергенде аргасыздан чөгөлөй калат да, кулдук уруп эки колун бооруна алат. Бу жайга түз кирип, түз чыккан, Манастын оң жагында өз орду бар бир гана Бакай авасы.
           Манас ушинтип келберсиген хан болду. Көсөмү Бакай турган соң алабармандыгын тизгиндеп, адилет хан болду.
Ошондой бир учурда Кытай жактан бир кабар келди, өздөрүнөн эмес, ал жакта жүргөн чалгынчылардан. Баягыда дөгүрсүгөн Алооке бүт дүнүйөсүнөн ажырап, качыр минип азганакай жолдоштору менен түп Бээжинге алты ай дегенде жеткен экен. Оболу Эсенканга, анан Карыканга кирген экен. Арыз-арманын айткан экен. Кытайдын эки чоң ханы аны жемелебей-жектебей, ушуну көрмөксүң деп гана чыгарып жиберген экен. Алооке абдарып отуруп, акыры айласы курган соң Бээжиндин жакасындагы окуу жайда сыйкыр окуусун, аскер окуусун окуп жүргөн, он алтыга жаңы чыккан Коңурбай уулуна барат. Алгараны алкынтып, урунарга тоо таппай, урушарга жоо таппай толуп турган Коңурбай атасынын арманын угуп, арына келет. Карыканга барып, атасынын өчүн алам, Манасты чабам деп жол сурайт, кол сурайт. Кыраакы Карыкан, даңзасынан кыргыздын Манасы чыгат дегенди алдагачан окуган Карыкан, Алтайда куулуп жүргөн аз кыргыздан Манас туулганын кайтарып тур десе кашайып билбей калган Эсенканды урушкан Карыкан, эми өтөр иш өтүп, болор иш болуп калганын, Манаска эч кандай күч тең келбесине көзү жетип отурган Карыкан, алкүчүнө толо элек Коңурбай Манаска тике чыгышка али чабал экенин билип отурган Карыкан, кезеги келер, амалы табылар, ок өтпөс, суу сорбос, от албас Манас бир күнү өзү келип кабылар деп эртели-кеч оюнан чыгарбаган Карыкан Коңурбайды кагып койду, жол да бербеди, кол да бербеди. Атаң экөөң мен берген аймакты башкарып, чардай бергиле, кийинкисин өзүм айтармын деп чыгарып жиберди.
          Бул кабарды уккан Манас, баягыда айкөлдүк кылып Алоокени Анжияндан аман кое берген Манас, Кошой авасы өкүнүп калса, ашыкпа аксакал деп жайкап койгон Манас, анткени эл-журту чыңалсын, эр жигиттер өссүн, аскер жоого машыксын, коңшу-колоң хандар колдон чыкпагыдай болсун, андан кийин ата-бабанын кегин куушка кезек келер деп болжоп жүргөн Манас мыйыгынан бырс күлүп, Бакайга сырын айтып, алиги ойлорун кеңешип, башка жанга ооз ачкан жок.
           Бакай айтты:
           -Отуз жыл. Алтайга куулган кыргыздын шор акысы Коңурбайды куткарбас.
           Манас айтты:
           -Кырк уруу кыргызды кырк бөлүп чилдей тараткан азабы бизди кечирбес.
           Бакай айтты:
           -Эркиндигим деп элинин намысын талашып курман болгон ата-бабалардын арбагы бизди кечирбес.
           Манас айтты:
           -Зордун түбү кор, кордун түбү зор. Кордук көрсөткөндөрдү кези келгенде көрө жатарбыз...
         Акылман ага, баатыр ини экөөнүн бүтүмү ушул болду. Бакайдын камкордугу менен кырк чоро куралып бүттү. Кырктын башына Кыргылды коюшту. Ар ишке жараар Ажыбайды кырктын саясатчысы кылышты. Кырк чоронун ар бирине миңден аскер курап беришти. Суусамыр жайлоонун кырк коктусун бөлүп, барына үй көтөрүп, мал курап, кырк миң аскер ар кандай коогалаңга белен турушу, оокатына мал багып, аштыгын Талас менен Чүйдөн алып, а бирок уруш өнөрүн күн сайын өрчүтүп турушу катуу талап болду. Ордодо Бакай баш болгон Чубак, Сыргак жоролор калды. Алардын колу алдында он эки миң аскер Ордо сакчысы.
        Жайкерчилик турмуш делгени менен капкагы жабык кайнаган казандай ич-ара жоокерчилик камылга жүрүп жатты. Убакыт суудай агып, кумдай куюла берди.
 
* * *
          Манастын жылдызы көтөрүлгөндөн көтөрүлүп, даңкы далайга тарады. Түн жагы өзү туулган Алтай тынч, береги батышы Сары-Аркада Айдаркан, Көкчө жоролош, түштүгүндө Жамгырчы авасы белдүү. Кулаалы таптап куш кылып, куранды курап журт кылып, кырк чачылган кыргыздын башын бириктирип, Манас жер киндиги Таластагы Ордосунда бейкут жатты, бейпил жашады. Бир гана чыгыш тарабы коңулдан урган сууктай бир ныптасын ичиркентип турчу болду. Ал жакта калмак, кытай, манжуу. Ала-Тоодон куулуп, бирок Манастын айкөлдүгүнөн жаны аман калган өчмөндүү Алооке ошол жакта. Кыргызды кылчайгыс кылып тараттым, кылым оңолгус кылып бастым деп ток пейил жүргөн Эсенкан кезинде көккө түкүрчү Алоокенин эми бу күнгө туш болгонун, барсынып, байсынып дөөгүрсүгөн Шоорук Манаска кулдук уруп, кызын тартуулап жатып жанын аман сактап калганын көрүп-билип туруп, ичинен кан өтөт. Каптап барып басып алайын десе жер алыс, тургунан узаган соң кытай-калмак колу кыргыйдай кымпыйган кыргыздын кыраандарына жем болушка атайы баргандай болор, же Манаска каршы барып тең келер баатыры жок, атамын көргөн кордугун жандырамын деп күпүлдөгөн Коңурбайдын Манаска чактысы жетпеси бышык. Коңшу журттар менен коюн-колтук алышып, ынтымактын уюткусу болуп калган Манасты азыр эч душман жеңе албасын ойлойт да, Эсенкан эзелтен кыла келген сынаакы арамдыгын салмай болот.
 
Көзкамандардын Манаска кылган жамандыгы...
           Он бытырап куулган Ороздунун он уулунун бири Үсөн Каңгайдан ары түп кытайга житип, андан туулган Көзкаман менен Көкчөкөз Какандын колунда өсүп, кытай-манжууга биротоло дилин берип койгон. Арам ою ачып-качып, Манасты амал менен жайласам дегенде эки көзү төрт болуп жүргөн Эсенкан алдыртан тыңчы изилдетип, Көзкаманды таптырып, Көкчөкөз экөө тапшырган ишке жараарын, дүйнөгө көз арткан, мансапка кумар, ошол үчүн ар кандай арам ишке барарын сыр тартып билет. Билет да, сайран Сарайга жаткырып, алтын-күмүш дүйнөнү мол берип, иш бүткөн соң дагы берээрин, керек болсо тактысына кондурарын убада кылып, колтугуна суу бүркөт. Коюндарына кыйгач көз сулуулардан күндө жаңыртып жаткырып, үч ай багат. Ар өнөрдү үйрөтүп, аябай чылаган, тил тиер замат өлтүрөөр уу берет. Манастын башын кесип келип, менин бут алдыма таштасаңар айтканыңарды аткарам деп, дагы убаданы мол берет.
        Башкадан жолдош күтсөк баканооз чыкпасын деп, Көзкаман өзүнүн беш баласын ээрчитет. Беш баласы тең эресеге жетип калган немелер, теги кыргыз экени менен иши жок, айдар чачтарын төбөгө түйүп, бирок баары кыргызча кийинет. Кырк ылоо качырга атайлап жаман-жуман жүк артып, арып-ачкан, кордук көрүп, куугун жеген жан болуп, жолго чыгат жети арам. Жолдо келатып Көзкаман чабарман чаптырып, Манаска бичик жөнөтөт.
      “Кабылан Манас, чачылганды курадың, тараганды чогулттуң, сени бел тутуп Эрен менен тереңден, Алтай менен Каңгайдан андаалаган туугандарың тегерегиңе топтолду деп уктук. Биз дагы сени менен түп тууганбыз, Орозду чоң атабыздын уулу Үсөндүн балдары болобуз. Маңгул-кытай аталарыбызды ар кай жакка кууганда Үсөн атабыз Каңгайга айдалып, андан ары Бээжинге кирип кеткен экен. Ошондон бери көргөн күнүбүздү биз айтпайлы, сен укпа. Түптүү тукуму биз баратабыз. Атбашыга жетип, өргүп кондук. Таласыңа батырсаң бизди күтүп ал. Биз сага баш калкалап качып бара жатабыз...”
        Манас катты окутуп укту, ойго батты. Ордодо акылдашууга Бозуул эле калган. Кырк чоро кол-кошууну менен Суусамырда. Бакай Аргы-Тараздын эли-журтун, соода-сатыгын багып келүүгө кеткен. Жоголгон аваларынын дарексизи Үсөн калды эле, ал тууралуу көп уккан. Ороздунун он уулунан тогузу чогулуп, жоголду деген авасынан минтип кабар келгенге Манас өрөпкүп алды. Акылдашар эмне кеп, алдынан тосуп чыгып, чет жакасында жалдырап суранып турган аваларын жаркын маанай менен каршы алганы жөн эмеспи. Ошентти да, Манас жанына Бозуулду алып жөнөп кетти.
            Көзкаман менен Көкчөкөз Манастын алдына тогуздап жүгүнүп тосуп алды. “Булар эмне, кытай болуп кеткенби?” деп түкшүмөлдөдү Бозуул. Көзкамандын беш уулу ары-бери жүгүрүп, союшка доңуз сүйрөп келатканын ичтеги Манас көргөн жок, сыртта жүргөн Бозуул байкап калды. Көзкаман тигилердин алдынан чыгып, кытайча “жаң-жуң” кеп айтып, кайра кайтарды. Бу жорукка дагы бир жолу таң калды Бозуул, бирок Манаска айтуудан тартынды. Көзкаман алдында айдап жүргөн малы жок, такымына кысып эсептеп Көкчөкөзгө дилде берди, жылкы таап кел деп буюрду. Буруттар мындайда боз бээ соет деп уккан. Кайра Манастын үстүнө кирип, кытайдын кырк дүйүм даамы жайнаган дасторконуна улам кол нускайт:
            -Баатыр, биз кытай ичинде туулуп-өсүп, жосунубуз да кытайча болуп калды. Айып этпей ала тур. Бу жерге орношсок ата-бабабыздын салтын үйрөнө жатарбыз. Кытай бизди кул жумшап, биз дагы кызматыбызды аянбай жасадык, ошондуктан го, Чоң Сарайга кул кызматчы кылмай болушту. Анысы курусун, эркекти акталайт да, катындарына кызмат кылдырат... Биз ошондой кордуктан качып келатабыз...- деп бежиреп отурду.
           Манас мурут алды мыйыгынан жылмаят. Бозуул каткыра күлөт. Аңгыча акбоз бээни жетелеп келип, үй сыртынан үн салышты. Көзкаман союш малга бата сурады. Баары Теңир жолуна алакан жайды. Ошентип кайра дасторконго отурганда Көзкаман кылт этсе өлтүрөр, жыттаса ажал алкымдан алар уу чыланган кымыз сунуп калды Манаска, кош колдоп, кош тизелей бүжүрөп.
              -Баатыр, жолуң улук, биз корголоп келген тууганың. Ак ниеттен сунуп турам, ушул даамдан тартып кой.
              Манас оюна арамдык албады, тууганым буюрса элиме кошулду, Таласка көчүрүп кетейин деп отурган айкөл астейдил сунулган уу кымызды алды да, сыпаа жутту. Көзкаман башын ийкегилеп, жылмаңдай күлүп, Манастын соо турган эки көзү жутунган каман көздөнүп акшыя кызарып чыкканын байкады, “мен азыр” демиш болуп, жүгүнгөн калыбында кетенчиктеп үйдөн чыга качты. Бозуул эми гана байкай коюп, эси чыкты. Манас, жоо көрсө кубанган Манас, найза сайса онтоп койбогон Манас, кайратына тоо туруштук бербеген Манас, ошол канкор Манас боорун мыкчып, онтоп жиберди да:
            -Жайлады! – деп жамбашынан бүк түштү. Сыртта Көзкаман үнү кубанычтуу каңкылдап, тегерегине чогула калган беш уулуна бажактап мактанып жатты:
            -Тирүү жандан жеңери жок дейт. Мына мен жайладым! Башын кесип алып, Эсенканга тартуулап барам!
          Манаска үйрөлгөн Бозуул сырттан жети жексур канжарларын кезей кармап, Манастын башын кесип алмакка эшик түртүп жутунуп кирип келишкенде жаалы боюна келди, Манас батпаган бу дүйнө курушкан ширедей тар көрүнүп, ыргып турду да керегеде илинүү Манастын наркескенин кынынан сууруп алды, өз кылычы сол колунда, эки кылыч менен жети жексурду жалгыз өзү каршы алып, Манасты калкалай дасторкон үстүндөгү уу кымыз куюлган аз бөксө кесени тепти эле уу кымызы өз кончуна төгүлүп, куру кесе Көзкамандын маңдайына барып шак тийди.
          -Атаңдын көрү арамдар! – деп бакырды Бозуул. Айкырып атырыла бергенде тигил жетөө сыртка чыга качты. Же өбөктөп жаткан Манасты жалгыз таштап кете албай, антсе эле тигилердин бири качкыча башкасы кирип келип, жандалбаста жаткан баатырды жайлап салгыдай, же Манаска эбин таап жардам бере албай, Бозуулдун айласы куруду.
 
* * *
      Аяр Бакай Аргы-Тараздан келаткан жолдо эки ирет аян иш көрдү. Чоң Капкадан чыга бергенде ачык турган күн короолонуп, айлананы боз мунарык чалды, дүйнө кумсарып өлүмсүк түс жамынды. Кооптонгон Бакай Теңирге жалынып, жигиттерин шаштырып ылдамдай жүрдү. Күмүштактан өткөндө жол боюндагы эле адырдан бир кулжа көкжал бөрүнү сүзүп жатканын көрүп бакырды. Алмабашын ала коюп, кулжаны көмөлөтө атты.
            -Бу кандай шумдук?! Көкжалдын кусуру ургур! – деп жүрөгү опколжуп оозуна тыгылды. Ошондон токтолбой, аргымагын кара терге салып, күнчүлүк жолду чай кайнамда басты.
Ордого келсе - ээси жок. Баягыдай эле капка кайтарган жанжигит. Бирок, Манас жок, жанындагы Бозуул жок. Эч ким билбейт. Айтып кеткен Төркү Эшикага экен, бичик алганын, жанына Бозуулду гана алып, ээрчиткени үч аткошчу, апыл-тапыл Атбашы тарапка жөнөп кеткенин айтты Эшикага.
         Бакай санаа тартып, түпөйүл отура бергиси келбеди, ат которуп минди да, жанжигиттен миңди алып, Ордобашыга Суусамырдагы кырк чорого чабарман чаптырууну буюруп, жүрүп кетти.
* * *
            Манас жатат ичи-боорун мыкчып, нары оодарылат жандалбастап, бери оодарылат жандалбастап. Окшуп жибергенде дасторкон үстүнө өзөк-өзөк зил кусат. Көзүн бир ачат, бир жумат. Кош кылыччан Бозуул же жардамдашууга шайы жок, же каптап турган жигиттерди айдап чыгар аргасы жок. Өз жанынан кечип койгон, тигилердин жадегенде жарымын ала жатармын дейт, бирок Манасты алдыртып койбосом экен деп тиши кычырап чамынып турат. Тигилер болсо эки көздөрү Манаста. Манас ачса оң жагынан кара чаар кабылан чамынат, сол жагынан чолок куйрук көк жал атырылат. Манас көзүн жумса коштоочуларынын карааны өчөт да, жандалбас уруп жаткан бир байкуш. Манас көзүн ачканда жексурлар жапырылып артка качат, Манас көзүн жумганда жутунуп атырылышат. Эсине бир келсе, бир танып жаткан Манас ойлонууга чамасы жете калганда кейишти билбеген жаны бир кейиди. Бакай баштаган жоролу жанында болсочу. Кыргыл баштаган чоролору кашында болсочу. Кең дүйнө тар болуп, тарпка жутунган чөөлөргө окшогон тетиги туугандарына каршылык кылар алы жок ууланып жатканына кейиди. Же салгылашта найза жеп жыгылсачы, же эрөөлдө күрсү жеп куласачы...
          Бозуул кош кылычты жаркылдата айбат берип, Манас көзүн бир ачканда артына жапырыла берген жезиттерди биротоло үйдөн кууп чыгып, Манасты эптеп куткарып кетүүнүн айласын таппай турду эле дасторкон четиндеги өзүнө шыбага болуп куюлган кымыздуу кесеге көзү түштү. Болсо-болбосо мага деген уу чыгар деп, шап илип ала коюп, Көзкаман баштаган тиги жети жезиттин беттерине чачып жиберди. Уу болгондо укмуш уу экен, ушундай уу ичип өлбөй жаткан Манас чыны Теңирдин уулу экен. Уу кымыз беттерине чачылганда Көзкамандын ээгиндеги тогуз кыл сакалы көзкөрүнөө жыдып түштү, сол көзү агып түштү. Наркылар да ошондой болду, баары сакал-муруттан ажырап, көбү жалгыз көз калды. Чаңырышып Манас эмес өз жандары менен алек болуп тымтыракай чыкты. Бозуулдун эрдик айласы ушул болду. Кузуп-кузуп зили чыгып, зил арылганда кызыл кан кузуп, дагы деле окшуп жаткан Манасты көтөрө албай төрт аяктай бөгө калып, эптеп жонуна артынды, эмгектеп эшикке чыгып, жезиттер андаалап качып жүргөндө мамыдагы тулпарларына жетти. Үзөңгү кармана эптеп тик боло берип, Манасты Айманбоздун ээрине бүктөй жүктөдү. Өз атына мине калып, Айманбозду коштоп, жезиттердин кошунан узап кеткиче шашты. Эки аткошчуга Манасты эки жагынан жөлөтүп, бир аткошчуга Айманбоздун чылбырын берип, өзү кылыч кезей артка кылчактады, куугун келип каларына азыр баратты. Таласка жетиш кайда, Кошой аванын Ордосуна кабар берер жакын жерден бир кыргыздын үйү жолуккуча ашыга чапты.
 
* * *
         Апталык аралыкты Бакай бир күн, бир түндө басып жетти. Атбашыга барганда, кыраакы Бакай баягыларды кан Кошойдун Ордо аймагынан алыс, эл-мал жок бир жапайы буйткадан таап, бир шумдук болгонун айттырбай туйду. Айлалары куруп, кайра качууга камынып, бирок Эсенканга Манастын башы түгүл өз баштарын аман алып бара албастарын билип, кайда качарын билбей айла ойлоп, амалы түгөнүп турган Көзкаман менен Көкчөкөздүн кошуунуна жетип, аттан түшпөй каардана сурады:
             -Манас кайда?
         Сакал-муруту жыдыган, бир көздөрү агып калган түрү суук немелер тилге келбей дал. Жети жексур жети качырдын мурунтуктарын кармаган бойдон калч-калч этишет, үндөрү чыкпайт, тилдери күрмөөгө келбейт. Булар тентиген мусапыр эмес, шойкондуу арамдар экенинен шектенген Бакай кылычын сууруп алып, кезей кармаганда Көзкаман тилге келди:
            -Манас өлө элек?!
            -Эмне?
           Бакай кылыч шилтеп жиберер тапта Кошойдон чабарман келди, жалгыз эмес, кан Кошойдун миң жасагы дуулдап чаап, камандар кайда деп айкырып келди. Бакай иштин жайын уккан соң же кырып жиберер калың жоо жок, же эрегишкен эрөөлгө чыгаар эр жок, боюна толгон каарын чыгара алар баатыр жок, Бакай кычырата жал чайнап, ээрдин кашын муштагылай берди:
           -Атаңдын көрү алаңгазар! Эрдиги бар, эси жок дардаң! – деп Манас инисине жини кайнай берди.
          Манас Кошой кан атанын колунда экенин, азыр соолугуп калганын жана кайталап айтты жасак башы. Бакай акыл чайнап жоошуганы менен өзөгү өрттөнүп турду. Кол булгай турган немелер эмес, туугандыктан айланып кетсин деп, тиги беш арамдын башын алдырды. Көкчөкөз менен Көзкаманды чөгөлөтүп, суракка алды: баары өзү көрөр замат туйгандай жорук экен, бу адамдар Эсенкандан айдактаган иттери экен. Жадегенде арылдап тик качырып капчу ит болсочу, шыйпаңдап келип, балтырдан капчу шүмшүктөр белем. Дагы тууган имиш. Ата-бабанын абийирине доо кетирген Үсөндүн арбагына наалат!.. Жаны кашайган Бакай арбактан да кечип кетти.
           Аңгыча куштай учкан кырк чоро жетип келди. Болгон ишти Бакай авасынан уккан соң кырк чорого жаңы кошулуп жүргөн, атка жеңил, тайга чак Сыргак Бакай авасынын алдына сыңар тизелей калып суранды:
             -Ава, менин туугандарым тура, жандарын мага бериңизчи, эсесин өзүм көрөйүн?
             Бакай каршы болбоду, баш ийкеди. Сыргак Жойкумасын кындан сууруп алып, Көзкаман менен Көкчөкөздүн жаактарын капшыра кармап, ооздорун аңырайта ачып, тилдерин салаңдата тартып туруп, жондуу түбүнөн кесип алды да, колдоруна карматты.
             -Эсенканга менден белек! –деди да толгоно берди.
*  *  *
             Манас Ордосуна барганда кан Кошой каарданды. Аскер башын чакырып, ачуусун андан чыгарды:
        -Кайдан келген немелер? Аймагыңарды кайтарбай, арамдарга жойлоткон силер кандай немелер?! Бир Манастын башына кылым жоо татыбайт!.. Кылтамыр табып таптырып, Манасты байтал бээнин ууз сүтүнө бактырып, жети күнү жаткырып, көзүн умачтай ачты. Ошондо айтты:
       -И, баатыр, бу менин аймагымда көмүскө тууган таап жүргөнүңө жол болсун?.. Алдан тайып, азый түшкөн Манас ырсайды, жооп таппады:
            -Айыбым бар, Ава! – деп тим болду.
            Айкөлдүн ушинтип ак сөзгө жыгылмайы да бар... 
 
 
 
 
Ашым Жакыпбековдун “Теңири Манас” китебинен алынды...
 
Даярдаган: Улук илимий кызматкер Тулькубаев Б.