Бишкек шаарында ЮНЕСКО уюмунун кезектеги семинары.

2019-09-14 09:20:56
Бишкек шаарында ЮНЕСКО уюмунун кезектеги семинары.
 
   2019-жылдын 3-6-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстандагы ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар уюмуна кирген тарыхый маданий эстеликтердин абалы жана республикабыздагы жаңы эстеликтерди каттоо жаңы тизмесин түзүү деген темада  семинар тренинг өткөрүлдү. Семинарга маданият министрлигинин адистери, окумуштуулар, жергиликтүү  коомдук уюмдарынын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын окутуучулары, студенттери “Манас эпосу” музейинин “Сулайман-Тоо” тарыхый археологиялык комплексинин “Бурана” музей комплексинин  Ош, Жалалабад, Баткен, Нарын жана Чүй областынын музей кызматкерлери катышты. Семинарда негизги маселе азыркы мезгилдеги республикадагы эстеликтердин абалын кароо жана жаңы тарыхый эстеликтерди ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар уюмунун курамына киргизүү маселелери каралды. Семинарды Алматы шаарындагы ЮНЕСКОнун класстердик бюросунун ассистенти Айгерим Жансейитова уюштуруп, Эстония өлкөсүнөн ЮНЕСКОнун орто азия мамлекеттер боюнча координатору фасилитатор Риин Алаталу семинарды алып барды. Семинар  ар кандай суроо жооп сунуш-пикирлер менен коштолуп, жогорку деңгээлде өткөрүлдү.