Мураскердин жаңы табылгасы

2019-09-14 12:49:50
Мураскердин жаңы табылгасы
 
2019-жылдын 8-сентябрьнда тарыхчы археологдор О.Солтобаев Ч.Жолдошов жана “Манас эпосу” музейинин илимий кызматкерлери Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылына илимий иш сапарга барышып, элдик мураскер Карачай Султанбеков тарабынан табылган 1-8- кк таандык балбал ташты каттоодон өткөрүшүп, фото сүрөткө тартышып, көчүрмөсүн алышты. Мураскердин айтуусунда балбал таш өзүнө тиешелүү алма бактын арасынан табылган.Балбал ташта эки адамдын жүзү чегилген. Мындай таш эстелиги сейрек кездешүүчү табылга катарында белгиленет деп билдиришти тарыхчылар. Карачаев Султанбеков агабыз балбал ташты жана айылдаштарынан сурамжылап тапкан караханиддер мезгилине таандык эки тыйынды музейге өткөрүп берди. Музей ишин өнүктүрүүгө салым кошкон мураскер Карачай агабызга терең ыраазычылык билдиребиз.