Музейдеги илимий кызматкерлер менен баяндамачылардын ишмердүүлүгү

2020-02-10 16:00:04
“Манас” эпосу музейинде илимий кызматкерлердин жана баяндамачылардын ишмердүүлүгү.
    Кыргызстанда республикалык макам алган 5 музей бар алар: “Сулайман Тоо” улуттук тарыхый археологиялык музейи, “Фрунзе” музейи, Бишкек шаарындагы “Тарых” музейи, “Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство” музейи, жана “Манас эпосу” музейи.
     “Манас Ордо” комплексинде туризм, зыяратчылык, жана маданий агартуучулук багытында иш алып барабыз.
     Илимий кызматкерлер илимий экспедицияларды уюштуруп, элдик мураскерлер менен иш алып барышып, табылган буюмдар боюнча анализ жүргүзүп, фонду бөлүмү менен биргеликте иш алып барышат. Өз билимин жогорулатуу боюнча окуу сабактарын өткөзүшөт. Ал эми туризм багытында, өгөрөктүн төрт бурчунан Чыгыштан Япония, Батыштан Америка кошмо штатарынан келишет. Биздин милдетибиз келген конокторду маданияттуу түрдө тосуп, жогорку деңгээлде баяндама жүргүзүп, жакшы маанайда узатуу   болуп саналат. Кийинки багытыбыз зыяратчылык “Манас Ордо” комплексинде Элдик дарыгерлер “Ордо” борбору жайгашкан. Негизинен ал жерге диний багыттагы  зыяратчылар келишип, атайын курмандыкка мал (жандык) союп түлөө өткөзүп, зикир чалып, ыйык жерден жакшылык тилеп, жан дүйнөсүн тазартып кетиш үчүн келишет. Ошондой эле илимий багытта дагы элдик мураскерлер менен иш алып барабыз. Алар бизге экспонат топтоого ар тараптан жардам беришет. Мындай саамалык биринчилерден болуп, элдик мураскерлер менен иш алып баруу “Манас Ордо” комплексинде уюштурулган.
       Баяндамачылар «Манас» ордонун күзгүсү дегендей,  чет өлкөлөрдөн келген коноктор баяндамачылар аркылуу “Манас” эпосун жана Улуттук “Манас Ордо” комплекси тууралуу кеңири маалыматтарды ала алышат. Баяндамачылар конкурстун негизинде кабыл алынып, жыл бою түзүлгөн иш графигинин негизинде иштешет. Жылдын кыш айларында элдин саны азайганда бош убактыларын “Манас” эпосун терең окуп үйрөнүү, текстерге кошумча варианттарын киргизүү, окуу сабактарын өткөзүү менен алек болушат. Ал эми жай күндөрү комплекске келген элдин саны көп болгондуктан баяндама жүргүзүшөт. Комплексте өткөрүлүп жаткан маданий массалык иштерге активдүү катышуу менен даталуу күндөрдө жамаат менен бирдикте оюн зоок кечелерин өткөзүшөт, чарба иштеринде да жардамдарын берип келишет. Кийинки мезгилдерде баяндамачылар өз ара тажрыйба алмашуу иштери боюнча бир топ иштерди аткарышты, республикабыздагы областагы семинар кеңештерге катышып, өздөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышууда. Буга мисал Ош областынын “Сулайман Тоо” тарыхый-археология музейине  кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплекси деген аталышта көчмө музей менен барышып, комплекс тууралуу кеңири маалыматтарды Ош жергесиндеги тургундарга кыргыз жана орус тилиндеринде  жарнама кылышты. Андан соң көчмө музейибиз, Ысык-Көл областындагы Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” комлексинде орун алып, элдин кызыгуусун арттырды десек жанылышпайбыз. Ал эми азыркы учурда көчмө музейибиз, Чолпон Ата шаарындагы “Курманжан Датка” музейинде жайгаштырылган. Мындай саамалык музей кызматкерлерине жана жалпы тургундарына жакшы натыйжаларды берүүдө. Көчмө музей жарнамалык багытта болгондуктан, көрүүчүүлөр “Манас”ордо тууралуу маалыматтарды угушуп, комплекс менен жакындан таанышуу, көрүү боюнча ойлорун айтышты. Демек бул иш өлкөбүздөгү туризмди өнүктүрүү боюнча жакшы натыйжа берет деген ойдобуз.
Баяндамачылар музейдин илимий кызматкерлери менен бирдикте атайын экспедицияларга чыгышып, ал жактан археология-этнография илимдери боюнча маалыматтарды алышып, практикалык жактан да өз билимдерин өнүктүрүшүүдө. Мектеп окуучулары жана студенттер менен тыгыз байланышта болушуп, окуу сабактарын өткөрүшөт. Музейде “жаш баяндамачы” ийрими ачылган, ага “Манас” эпосуна кызыккан окуучулар келишип, биздин баяндамачылар  менен эпостогу варианттар боюнча билим алышат. Таш-Арык айылынын Абдылдабек Эсенбеков атындагы 8-9-классынын окуучулары “Манас Ордо” комплексинде кандай гана иш-чара болбосун, биз менен тыгыз байланышта болушуп, өздөрүнүн активдүүлүгүн көргөзүп келишет. Окуучулар менен болгон байланышты мындан ары дагы уланта бермекчибиз.
    Ошондой эле “Манас” эпосу музейинде жетекчилер тарабынан азыркы мезгилдеги жаңы заманбап видео камералар, жакшы сапаттагы фото аппаратар асманда учуучу (дрон) камсыз болуп, биз ошолордун жардамы менен “Манас Ордо” комплексинде болуп жаткан иш-чараларды түшүрүп, интернет сайттарга жүктөп турабыз. Пресса өкүлдөрү менен да тыгыз иштеп, өзүбүздүн чакан макаларыбызды гезит беттерине чыгарабыз. Андан тышкары ар аптада манасчы Камил Мамадалиев “Айкөл Манас” баянынан сайттар (инстаграм)  аркылуу баян айтууда.
    “Манас” эпосу музейинде ар кандай тематикадагы экспозициялар өзгөрүп турат. 2019-жылдын 16-сентябрынан 21-сентябрь айында өткөрүлгөн, көчмөндөр оюндарын чагылдырылган сүрөттөрдүн коштоосунда бурч ачылды. Музейге келген конокторго ошол күндөн кабар берип, жакшы маанай тартуулап турат. Андан тышкары фонду бөлүмү менен дагы иш алып барабыз. Бизге түшкөн экспонаттарды кантип сактайт, реставрациялоо иштери кандай жүргүзүлөт, ошолорду билүү максаттында мастер класстарды өткөрөбүз. Жакында эле КРнын эл артисти Дариха Жалгасынованын өз эмгеги менен жасалган куурчак каармандарын фондуга өткөзүп берди. Дагы бизде жакшы саамалык азыркы замандын талабына ылайык үндү жогорулатуучу аппараттын жардамы менен сырткы баяндама жүргүзөбүз. Бул баяндама өтө кызыктуу анткени кире бериштеги башкы дарбазадан баштап, “кырк чоро”  “манас ата гулзар” багы, “ардактуу зыяратчылар” аллеясы “Манас” эпосу музейи, “ачык асман алдындагы” таш эстеликтер, кароол чоку Манас атабыздын күмбөзү тууралуу жалпы маалыматтарды алышат. Мындан ары дагы “Манас Ордобуз” гүлдөп өнүгүшү үчүн Манас атабыздын жети осуятында айтылгандай, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып”, биргеликте иш алып бара бермекчибиз.