Музейдеги күнүмдүк кыймыл

2020-02-20 12:05:59
          “Манас” эпосу музейинин күнүмдүк кыймылы.

Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплекси кайсы гана мезгилде болбосун, көрсө көз тойгус,укса кулак кангыс керемет көрүнүшү менен элди өзүнө  тартып келет. Ушундай керемет ыйык  жерде иштеп жатканыбызга биз бактылуубу  з, себеби Манас атабыздын күмбөзүнө барып куран окуп, жан-дүйнөмдү байытып келейин деп жете албагандар көп.  Жамааттын  ар биринин өз милдеттери бар. Алгач жумушкка келип иш баштаардан мурун жетекчибиз Чоюнбаев Ормошбек Жетигенович баш болуп, Манас атабыздын күмбөзүнө куран окуп, өз милдеттерибизге киришебиз. Адамды адамга пикирлеш кылган жанын аябаган кыйышпас дос, шерик кылган нерсе бул акыл–эс, абийир, ынсап, ыйман, адамкерчиликтүү асыл касиет. Эпостун бизге кайра-кайра эскерткени да ушул көөнөрбөс нерсе. Комплексте кары жашы дебей, “улууга урмат, кичүүгө ызаат”- деген ураан астында бири-бирибизге ар тараптан жардам берип келебиз. Мисалы: кыш айында агайларга жардам берип кар күрөшүп күзүндө түшүм жыйнап бирдиктүү иш алып барып келебиз. Комплексте көп жылдан бери иштеп келе жаткан агай-эжелерибиз, жаштарга ыйман акыл-насааттарын айтып келишет. Музейге жөнөкөй адамдан баштап, ажобуз баш болгон өкмөт башчылары окумуштуу тарыхчылар келишип, күтүлбөгөн ар кандай суроолорду берип  калышы мүмкүн. Суроолорго дайын болуш үчүн илимий кызматкерлер, баяндамачылар, көзөмөлдөөчүлөр өз билимдерин жогорулатуу боюнча окуу сабактарын өтүп жана тест менен иштешип, билимдерин жогорулатып келишет. Ошондой эле азыркы учурда КРнын президентинин санариптештирүү жарлыгына ылайык КУМОК музейинде  экспонаттарды санариптештирүү боюнча иштери жүргүзүлүүдө.

                                                                                             Даярдаган: Ашымова М.