Кыргыз Улуттук "Манас Ордо" комплексинде түлөө өткөрүлдү.

2020-03-19 16:02:43
                                           
                                          Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде түлөө өткөрүлдү.
 
Бүгүн 2020-жылдын 19-мартында өлкөгө тараган коронавирус боюнча КУМОКтун жетекчилиги түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, анда жамааты сабырдуулукка, ынтымакка, тазалыкка ошондой эле  такталбаган маалыматтарды окуп, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды. Андан тышкары комплекстин жалпы жамааты менен биргеликте оору сыркоодон алыс бололу деген ниетте түлөө өткөрүлдү. Азыркы учурда комплекс карантинге жабылып, дезинфекцияланды.