“Манас” эпосу музейиндеги сюжеттик диорамалар

2014-06-09 11:49:05
“Манас” эпосу музейиндеги сюжеттик диорамалар
МАНАСЧЫ                                                                                                                   

 
“Манасчы” деп аталган бул диорамманы сүрөтчү Базарбек Сыдыков 19 - кылымдын улуу манасчылары Келдибек жана Балыкоозго арнаган.Убагы келгенде бул манасчылар күндөп-түндөп манас айтышкан. Ошондо угуп жаткан эл сүйүнүп же ыйлашып, атүгүл жаратылыш да күчкө келген. Күн күркүрөп, чагылган чартылдап, жамгыр нөшөрлөп төгүп, сырттагы мал үркүп, угуп отурган эл жан дили  менен Манас дүйнөсүнө сүңгүп кирген. Демек, “Манас” эпосу жөнөкөй эпос катары эмес кереметүү жана касиеттүү эпос десек жаңылбайбыз. Ошондой эле диарамадан “Түбөлүк даракты” көрүүгө болот. Ал менен автор Манас үчилтиги түбөлүк дарак сыяктуу кылымдан-кылымга, муундан – муунга өтүп, ыйык сакталат деген идеяны берген.

Улуу кыргыз каганаты

“Улуу кыргыз каганаты” деген түшүнүктү тарых булактарына орус академиги В. В. Бартольд киргизет да, түрк тилдүү элдеринин арасында кыргыз эли эң байыркы эл деп алтын тамгалар менен жазып калтырган. Улуу кыргыз каганаты Түндүктөн Түштүкө карай СибирьТайгасынан тартып, Улуу Кытай дубалына  чейинки, ал эми Чыгыштан Батышка карай Чыгыш Монголиядан тартып Ысык – Көл менен Жети – Сууга чейинки эбегейсиз зор мейкиндикти ээлеген. Анын түптөлүү доору биздин замандын IX кылымы. Тактап айтканда 840-жылы кыргыз эли Уйгур кагандыгын жеңип, өзүнүн күчтүү зор мамлекетин түзгөн. Анын борбору болуп Кемжикент шаары аталган. Кемжикент шаары азыркы учурда Россиянын Новокузнецк шаары.
Ушул доордо Улуу кыргыз каганаты аркылуу атагы ааламга тараган “Улуу Жибек жолу” өткөн. Ал  жол эки тарамга бөлүнгөн. Түндүктөн өткөнү Түрк же  Шаш, түштүктөн өткөнү Фергана жолу деп аталат. Түштүк  жолу Фергананы аралап, Ош аркылуу Өзгөн шаарына келген. Ал эми Түрк жолу , Ташкенттен чыгып Талас өрөөнүнө келген. Чыгыш тарабындагы Ляо империясы, Дансян өлкөлөрү Кытай жергеси болсо, батыш тарабындагы кимактар жана кыпчактар деген аталыштар  азыркы учурда Казакстан Республикасы, Караганды шаары, Өгүздөр мамлекети бүгүнкү күндөгү Өзбекстан мамлекети болуп эсептелинет. Улуу кыргыз каганаты 13-кылымда монгол тилдүү кидандар, наймандар, кара-кытайлар тарабынан талкаланып, кыргыз журту Евразиянын эбегейсиз зор мейкиндиктерине чачырап кеткен.Татаал турмушту башынан өткөргөн кыргыз эли 15-кылымдын аягы 16 - башында  Ала-Тоо жергесине келип биротоло отурукташып калышкан.

Кыргыздардын чачырашы

Манастын чоң атасы Орозду хан дүйнөдөн кайткандан кийин, кытай - калмак башчысы Алооке тынч жаткан кыргыз элине кол салат. Экспозициядагы жердин  жарылганы  кыргыздардын төгөрөктүн төрт бурчуна чачырагандыгын билдирет. Күндүн тутулганы эл журтубуздун кайгы – муңу, башына түшкон оор турмушун чагылдырса,  найза - жебелери кыргыздарга бет алган душмандардын багыты. Ал эми фондогу көптөгөн эн тамгалар кыргыз урууларынын белгилерин түшүндүрөт.

Манастын төрөлүшү

Ороздунун он уулунун бири болгон Жакып Алтай жергесине келип отурукташат. 48 жашында Жакып балалуу болуп, уулуна азан чакырып  Манас деп ат коюп, ак бешикке бөлөшкөнМанас төрөлгөндө аны менен катар эң биринчи минген аты Торучаар да жарык дүйнөгө келген.

Манастын балалык чагы

Манастын балалык чагы Алтай жергесинде өткөн. Анын эң алгачкы эрдиги 11-12 жаш курагында байкалган.

Манастын Алтайдагы алгачкы беттешүүсү

Диораммада он беш жашар Манас баатырдын, алты миң кол баштаган кытай – калмак баатыры Нескара  менен беттешип, Алтай жергесин толугу менен душмандардан бошотуп алуу салгылашы чагылдырылган . Бул беттеште кыргыз эли жеңишке ээ болгон. Согушта курман болгон баатырлардын жаркын элесине арнап, көрүстөндөрдүн үстүнө алар балбал таштарды орнотушкан.

Манастын хан тактысы
                  
    Ак кийизге чайпатып,  
    Ак батага жайкатып, 
    Төрө Манас хан болду,
    Ааламга бүт даң болду-
деп эпосто
айтылгандай, Кабылан шер Манасты он беш жашында ак кийизге отургузуп кыргыздардын  хандыгына көтөрүп, хан тактыга олтургузушкан.
 

Кыргыздардын Алтайдан Ала-Тоого көчүп келе жаткан улуу көчү.

Манас баатыр кыргыздардын хандыгына көтөрүлгөндөн кийин, өз эл – жери Ала – Тоо экенин угуп:
Арбагы бийик Ала –Тоо 
Барбай кантип коёюн.
Ата мурас жеримди 
Албай кантип коёюн– деп,
кыргыз журтун чогултуп, ата бабаларыбыздан калган ыйык жер Ала-Тоого көч баштап, Каркыра жайлоосун басып өтүп, Боом капчыгайы менен Сары-Өзөн Чүйгө келгендегиси.

Алоокенин качышы жана Манастын үйлөнүшү.

“Алооке атын укканда ыйлаган бала басылган, Алоокенин айынан таруудай кыргыз чачылган” демекчи, Манас Алтайдан Ала-Тоого көчүп келе жатканын уккан  Алооке хан: “Деги Манасты кандай пенде жеңет” - деп ойго чөмүлүп олтургандагысы берилген.
Отуз жашында Хан Манас Бухардын эмири Темиркандын кызы Санирабигага үйлөнөт. Кийин элибиз Санирабиганы Каныкей деп өзгөрткөн. Каныкей деген сөз “кан” жана “нике” деген сөздөн алынган. Башкача айтканда “Кандын никелүү жары” дегенди билдирет. Каныкейди алганга чейин Манастын олжого келген Акылай жана Карабөрк деген да жубайлары болгон.

Көкөтөйдүн ашы

Санжыргалуу Көкөтөй дүйнөдөн кайткандан кийин, анын жалгыз уулу Бокмурун атасына арнап аш өткөзмөкчү болот. Жерден жер тандап жүрүп Ысык – Көлдүн Каркыра жайлоосун тандап алат. Ашка төгөрөктүн төрт бурчунан конок чакырып, үч миңден ашуун боз үй тигишет. Диораммада аштын ээси Бокмурун Манас баатырга эң мыңтыты күлүк аттарынын бирин тартуулап турганы чагылдырылган.

Кошой менен Жолойдун күрөшү

Көкөтөйдүн ашында көптөгөн оюн зооктор уюштурулган. Көк-Бөрү, эр сайыш, жамбы атыш ошондой эле балбан күрөш. Балбан күрөш оюнунда кыргыздардан 85 жаштагы Катагандын Кан Кошой чыкса, каршылаш тараптан 45 жаштагы Жолой балбан чыккан. Беттешүү үч күн, үч түнгө узарып, үчүнчү күн дегенде Кошой бабабыз Жолой балбанды жыгып жеңишке ээ болгон.

Кыргыз элинин ички биримдиги

Түндүктүн  жогору көтөрүлүп турушу бул - тирүүлүктүн, амандыктын белгиси. Ортодо тегеректин ичиндеги эн тамгалар кыргыз урууларынын белгилери. Алардын баарын бириктирип бир тегеректин ичине берилиши, бул кыргыз элинин бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги. Ал эми төмөн жакта жайгашкан сандыкчада, кыргыз элинин руханий байлыктары, маданияты, үрп –адаты, каада - салты ошол күндөн ушул күнгө чейин жана мындан ары да сактала берет деген маанини түшүндүрот.


Жети хандын чатагы

“Көкөтөйдүн ашы чоң чатактын башы” дегендей Көкөтөйдүн ашында Манастын башчылык кылганына нааразы болгон кыргыздардын жети ханы  Манаска элчи жиберип, өздөрүнүн нааразычылык катын беришкен. Кабылан Манас кандарды Ордого чакырып, өз ара жоолошпой, биригип, ар намыс, өч алыш үчүн негизги душмандарга каршы чоң казатка чыгалы дейт. Кыргыз хандары макул боушат да ,Манас баатыр алты жүз миң кол баштап акыркы жолу Чет Бээжинге Чоң казатка аттанат.
Алмамбет менен Чубактын чатагы

Чет Бейжинге Алмамбет менен Сыргактын кеткенин угуп, артынан Чубак келип чыр салат. “Кече келген Алмамбет менден да сага жакын болдубу” - деп, анда Манас менен Бакай аларга “Бөлүнгөндү бөрү жеп кетет, бөлүнүп кетти кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет”  - деп чоролорун ынтымакка чакырып тургандагысы.
Чоң казат

Алты жүз миң кол баштаган Манас баатыр эң акыркы жолу Улуу Кытай дубалында Коңурбайдын кошуну  менен беттешип жеңишке ээ болот да, Чет – Бээжиндеги хандык тактыга отурат. Ал жерде Айкөл Манас алты ай хандыгын жүргүзөт. Күндөрдүн биринде Манас баатыр Коңурбайдан жарат алат да, эми өлсөм сөөгүм өз эл – жериме коюлсун деп,Таласты көздөй кайтат.
Манас баатырдын керээзи

Манас баатыр жарат алып Талас жергесине келген соң өлөрүн сезип, аялы Каныкейди алты айлык уулу Семетейди кашына алдырып:
 Хан өлгөндө катынга
Төркүнү жакын болуучу, 
Жыйган дүнүйөң чачып кет, 
Атаң Темирканга качып кет– деп  акыркы керээзин айтат.
Фондогу күндүн батып бара жатышы, баатырдын өмүрүнүн аякташын түшүндүрөт. Каныкей апабыз Айкөлдүн урматына күмбөздү тургузуп, баланын өмүрүн сактап калуу максатында  кайненеси Чыйырдыны, уулу Семетейди алып, түн жамынып Бухарды көздөй качып жөнөйт.
 Ата Мурасы

Сүрөттүн автору Ж.Кыдыралиев. “Ата – Мурасы” деп аталат. Ортодо Манас, оң жагында уулу Семетей, сол жагында небереси Сейтек. Бул үч баатыр тирүүлүктө бирин – бири көрбөсө да, ата, бала, небере болуп чогуу отурбаса да, кыргыз элинин жүрөгүндө бирге чогуу сакталат деген маанини түшундүрөт. Арткы фондо кыргыз калың журту, ошол учурдагы хандык асабалар жана Ала – Тоо кыркалары чагылдырылган. Бул сүрөттүн “Ата – Мурасы” деп аталып калганынын себеби, үч баатырдын алдында жаткан согуш куралдары калкан менен кылыч, атадан балага элиңди, жериңди сакта деп өтүп келаткан улуу мурасын түшүндүрөт.
Сүрөттүн бийиктиги- 3м.71 см, туурасы – 7м. 5см.
            Элибизге аттын кашкасындай таанымал болгон  залкар манасчылыр : С.Орозбак уулу жана С.Карала уулу. Айкел эстеликтердин автору: сүрөтчү Б.Сыдыков жана дизайнер Т.Исамадыров возк материалынан жазаган.       
“ Бабалардын  баяны”