Манастын 1000 жылдык мааракеси

2014-06-10 15:07:09

1992-жылдын 20-июнунда “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесин белгилөө жөнүндө Кыргыз  Республикасынын Президенти А.Акаевдин Указы жарык көргөн.
Указда “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүү жөнүндө мындай жазылат:
“Манас” эпосу – дүйнөлүк залкар элдик оозеки чыгармачылыктын эң бийик үлгүсү, кыргыз уламыштарынын жана жомокторунун кайталангыс энциклопедиялык жыйнагы, кыргыз элинин жашоо ыңгайынын үрп-адатынын, салт-санаасынын, бай тарыхынын жана дүйнөгө болгон өзгөчө көз карашынын күзгүсү. Көз каранды эмес Кыргызстан мамлекетинин өнүгүшүнүн азыркы жаңы тарыхый этабында “Манас” эпосу кыргыз улутунун биримдигинин жана рухий кайра жаралуусунун, анын маданиятынын, улуттук ар-намысынын жана аң-сезимдин символу болуп калды.
“Манас” эпосунун 1000 жылдыгын суверендүү Кыргызстан мамлекетинин жаңы тарыхындагы маанилүү коомдук, саясий окуя катары кароо менен  ТОКТОМ кылам:
1. 1995-жыл - кыргыз элинин баатырдык “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын “жалпы элдик майрамдоо жылы” деп жарыялансын.
 
2. Кыргыз Республикасынын “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча Улуттук уюштуруу комитети төмөндөгү тутумда түзүлсүн:
- А.Акаев   -Кыргыз Республикасынын Президенти.
- А. Жумагулов – КР премьер-министри, “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү жана даярдоо боюнча улуттук уюштуруу комитетинин төрагасы.
- Ж.Ибрагимов – КР Президентинин алдындагы мамлекеттик катчы.
- О.Ибраимов – КР вице-премьер министри.
- Д.Үсенов  - Закон чыгаруучу жыйынынын төрагасынын орун басары.
- К.Кененбаева – КР Президентинин администрациясынын саясий талдоо жана социалдык маселелер бөлүмүнүн башчысы.
- К.Исаков – КР өкмөтүнүн аппаратынын социалдык-маданий чөйрө бөлүмүнүн башчысы.
- Т.Койчуев – КР улуттук илимдер академиясынын президенти.
- Т.Касымов – Талас облустук мамлекеттик администрация башчысы.
- Ш.Шаршеев – КР “Манас-1000” мамлекеттик дирекциясынын башкы директору.
- А.Асанканов – “Мурас” ишкер долбоорунун башкы директору.
- Б.Жакиев – Манас эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүү жана даярдоо боюнча мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси.
- Ж.Чынаев – “Манас күмбөзү” ишкер долбоорунун башкы директору.
- А.Токтосартов – “Манас айылы” ишкер долбоорунун башкы директору.
- Т.Усубалиев – Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты.
- Т.Кошоев – эмгек ардагери.
- С.Бегалиев – Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын төрагасы
- М.Мамакеев – Эл Өкүлдөр жыйынынын депутаты.
- Э. Бакиров – КР улуттук илимдер академиясынын академиги.
- И.Качкеев – эмгек ардагери.
- К.Молдобасанов – КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
- Ж.Мавлянов – КР эл жазуучусу.
- З.Жамашев  эмгек ардагери.
- С.Эралиев – КР эл акыны
- К.Ташиев – эмгек ардагери.
- Кимсанбай-ажы – Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи.
Улуттук уюштуруу комитетинин жумушчу органы катары зарыл укуктарды жана жоопкерчиликтерди берүү менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекция түзүлсүн.
3. Улуттук уюштуруу  комитети “Манас” эпосунун дүйнөлүк маданият, адабият жана илим казнасындагы көөнөрбөс маанисин эске алуу менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого эл аралык статус берүү жөнүндөгү тийиштүү сунушту белгиленген тартипте ЮНЕСКОго киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти  А.Акаев.
“Манас”эпосунун 1000 жылдык мааракеси Кыргызстанды дүйнөлүк коомчулукка дагы бир жолу тааныткан. Улуу тойду майрамдоо салтанатына төгөрөктүн төрт бурчунан  өкмөттүк делегациялар келип катышышкан. Улуу тойдо театрлаштырылган оюн-зоок программалары, улуттук оюндар 28-30-августка чейин көрсөтүлүп, 69 мамлекеттен келген делегаттар катышышкан. Тойдогу азем салтанаттын башкы режиссерлук милдетин кыргыз элинин чыгаан инсаны Болот Шамшиев аткарып, сценарийин  белгилүү драматург  Бексултан Жакиев жазган. Мааракедеги “Манас”айылы,  жылдыздай жыбыраган ак боз үйлөрдүн саны миңден ашкан. Ажарлуу ак өргөөлөрдүн арасынан 3 боз үй баш байгеге татыктуу болгон.
Алар Таластык уздар жана усталар жасаган 12 канат хан өргөө, Ысык-Көлдүк Орозбай Кенчибаевдин жасаган аппак боз үйү, Жети-Өгүздүк Мекенбек Осмоналиевдин 8 канат ак өргөөсү баш байгелерле ээ болсо, көпчүлүктүн назарын өзүнө бурган Ош облусунан келген 3 кабаттуу боз үй,  тойдун көркүн ачкан.
Мааракеде “Манас” эпосу музейи ачылып, ал эки кабаттан туруп, архитектор Эркинбек  Нурбеков жетектеген курулушчулар тобу тарабынан  бүткөрүлгөн. Ошондой эле музейдин жанында “Президенттик аллея” ачылган. Аллеяда белгилүү эл башчылары  КР Президенти А.Акаев, Азербайжан Республикасынын Президенти Г.А.Алиев, Түркия Республикасынын Президенти С.Демирель, ЮНЕСКОнун Башкы Директору Ф.Майор ошондой эле Россия, Кытай, Япония, АКШ, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Германия, Белорусия, Румыния, Иран, Индия, Грузия, Украина ж.б. өлкөлөрдүн делегаттары
Манастын жерине балатыларды олтургузушкан. 
Манастын 1000 жылдыгы  - кыргыз элин дүйнө элдерине  дагы бир ирет даңазалады.
Даярдагандар : Шайылдаева С., Р.Эралиев. 
Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплекси
Манас атабыздын 12 канат “Хан Өргөөсү”
Байыркы заманда ата-бабаларыбыз көчмөн турмушта жашашкан. Боз үйлөр көчүп, конуп жүрүүгө ыңгайлуу болгон.  
                                                   Кайыңдан түндүк ийдирген,  
                                                   Каалга, таяк босого,
                                                   Канча түрдөп чийдирген,
                                                   Ууктарын нылдаган,
                                                   Каалга менен босого
                                                   Канча түрдөп сырдалган
                                                   Чийим жибек чырмаган (С.О.).
Боз үй кереге, ууктары жана көлөмүнө жараша 6, 9 жана 12 канат болуп бөлүнгөн. Көчүүгө жеңил, каалаган жайга тигүүгө ылайыкташкан, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасирине чыдамдуу. Манас атабыздын “Хан Өргөөсү” 12 канат, бийиктиги 5м 70см, диаметри 10м, түндүктүн диаметри 2м 50см, 12 керегеден, 167 ууктан, 1 түндүктөн, 1 каалгадан турат. “Хан Өргөө” демекчи, атайын хандарга арналып, колунан көөрү төгүлгөн усталардын, уздардын чеберчилиги менен жасалган. 12 канат “Хан өргөнүн” жыгаччылыгын (сөөгүн): уук-кереге, босого-таяк (баш босого, аяк босого), түндүк, каалгаларын Талас районундагы Үч-Эмчек айылынын тургуну уста Табел Рыскулбеков жасаган. Боз үйдүн ички-сырткы  жасалгаларын уздар: Молдокулова Калтар, Алапаева Уултай, Жумалиева Таалайгүл, Турдугулова Орунтай, Уста Апышов Ырысбай ж.б. уз чеберлер жасашкан: жабыкбаш боо, тегирич боо, үзүк боо, туурдук боо, жел боо, уук учтук, саканак таңгыч, кылдырооч, төтөгө канат чий, чыгдан өңдүүлөрдөн турат да, алардын өзүлөрүнө тиешелүү көркөм оюмдары жана көчөттөрү түшүрүлгөн. Манастын “Хан өргөөсү” 1995-жылы “Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде алгачкы ирээт көтөрүлүп, баш байгеге татыктуу болгон.
Даярдаган: Р.Эралиев.
“Манас”эпосунун 1000 жылдык мааракеcинде
берилген белектер
Бакай үңкүр– Талас областы, Бакай-Ата району,                          
Кең-Арал айылынын тургуну жыгач уста Тургуналиев Тилекмат
тарабынан “Манас” эпосу музейине 1998-жылы Март айында
белекке берилген (дүмүрдөн жасалган).
 
Кафель плитасы – Талас областынын губернатору
Карачалов Кеңеш Касымович, Туркия мамлекетине
официалдуу визит менен барган мезгилде алып келген.
Бул белекти Кеңеш Касымович “Манас” эпосу музейине белекке берген.
 
10 сом Күмүш монета- Бул Кыргыз Элинин Улуу мурасы 1995-жылы
“Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесине карата чыгарылган. Бетинде “Манас эпосуна миң жыл” жана
10 сом жазуусу бар. Манас баатырдын элеси чагылдырылган.
Экинчи бетинде Кыргыз Республикасынын Гербинин сүрөтү түшүрүлгөн. Диаметри-38,60 мм формасы тегерек.
 

Кыргыз өкмөтүнүн жаштар сыйлыгынын
лауреаты, сүрөтчү Майрамкул Асаналиевдин.
“Манас” темасына арналган сүрөттөр жыйнагы. (10.04.2003ж.)
 

Килем – ХIII – кылымда жашап өткөн Чынгыз Хандын
сүрөтү түшүрүлгөн. Монгол делегациясы тарабына
белекке берилген.

 
Кылыч- 2004-жылдын 31-январында Талас областтык Аскер
Комиссариатынын башчысы Өмүрбеков Алмаз Орозкулович
2 (эки) даана кылычты үй-бүлөнүн атынан “Манас эпосу”
музейине белекке тапшырган.
 

Гобелен
- Аска бетине тартылган (петроглиф)
сүрөттөрдүн элеси берилген. 2004-жылы
20-октябрда К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик Университетинин
окутуучусу Дабиева Айнура “Манас” эпосу
музейине белекке тапшырган.
 


Ваза-“Манас” эпосунун 1000 жылдык мааракесинде
Тажикстан мамлекетинен келген делегация
“Манас” музейине белекке берген.
 

Манас симфониясы- Кыргыз элинин баатырдык эпосу.
Манастын 1000 жылдык мааракесинде Россия элинин композитору
Зинаида Хабылова атайын арнап белекке берген.
 
Алтын Бешик - “Манас” эпосу музейинин ачылыш аземинде
Хакасиядан келген өкүлчүлүктөр тарабынан музейге белеке берилген.
Алтын Бешиктин курамында: Алтай жергесинин топурагы жана суусу
атайын кутучага салынып келген. Азыркы мезгилде музейде сакталууда.
(1995– жылы 28 – августта)
 

Фарфор ваза – Ош 3000 миң маарекесинде
 “Манас” эпос музейине белекке берилген.(2000-жыл)
 



Килем- “Манас” эпосу музейине Ош областында
жашаган Таластык жердештер тарабынан белекке берген.

 
Килем- “Манас 1000” мааракеде Ош областынын, Кадамжай
шаарынын маданият кызматкерлери тарабынан музейге
белекке берилген.

 

Килем- Өзбек Республикасынын Жызак
облусунун Достук районунун тургундары
 “Манас” эпосунун 1000 жылдык маарекесине
арнап музейге белекке беришкен. 

 
Туш кийиз - 1995-жылы 29-августа
Кытай мамлекетинин делегациясы
“Манас” эпосу музейине белекке берген.
 
Ээр- “Манас” эпосу музейине Жызак облусунун
 Заман районунун жашоочусу уста Абыл Бердияровдун
тапшырган белеги.(1995-жыл август айы)
 
Кылыч – “Манас” эпосунун 1000 жылдык
мааракесинде Тажик ассоциясы тарабынан белекке берилген.

 
Назар Манасчы- сүрөтчү Бошмоюнов Эрбол.
Б.Шерниязов  тарабынан “Манас” эпосу музейине
белекке берилген. (холст масло)
 

Маадай Кара – Алтай элинин баатырдык эпосу. 
Алтай элинин баатыры Маадай – Кара ханга арнап жазылган
жана анын баласы Когюдейдин Кара –Кула баскынчы хан
менен болгон күрөшү баяндалат.
 

Алтай Кеп-Куучындар – Алтай тилинде
басылып чыккан китеп.
 “Ак - Челек” – Горно Алтайск. 1994ж.