Сүйүнчү!

2014-06-18 14:11:47
“Манас” үчилтиги  бүткүл дүйнөлүк материалдык эмес маданий мурас катары Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОдо катталды
Башка улуттар өздөрүнүн өткөндөгү маданиятын, тарыхын жазма адабиятта, скульптурада, архитектурада, театр, сүрөт искусствосунда сактап келген болсо, өзүнүн өсүү жолунда узак, татаал кылымдарды башынан кечирген кыргыз эли: улуттук каада-салтын, маданиятын, ар-намысын жана Мекен үчүн күрөшүн оозеки эпикалык жанрда чагылдырып, дүйнөлүк коомчулуктун көнүлүн өзүнө буруп, улуттун жүзүн, касиетин көрсөткөн, кыргыз элинин рухий өнүгүшүнөн тарыхый кабар берген, көлөмү боюнча жарым миллиондон ашык ыр сабынан турган, дүйнөдөгү эң көлөмдүү  – “Манас” эпосун жараткан.
Кыргыз элинин ата-мурасынын туу чокусу болгон “Манас” эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдарды, кайгылуу оор окуяларын тулку боюна сиңирип, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтикалык эстеликтердин үлгүлөрүнө жатат. Ошону менен бирге адамзаттык бийик идеяларды, ой-толгоолорду коштоп турган түгөнгүс дайра сыяктуу түбөлүккө агып турат. 
“Манас” – муундан муунга, кылымдан кылымга стадиялуу өнүккөн эпос. Көрүнүктүү “Манас” изилдөөчү С.Мусаев айткандай: ““Манасты” жараткандар, оозеки сактап жана өнүктүрүүчүлөр – манасчылар.” Ал элдик таланттар-манасчылардын улам жаңы муундарынын чыгармачылыгы, күч-аракети менен сюжет курулушун улам байытып олтуруп, зор эпопеяга жеткиришкен. Ошол татаал сюжетти ыр түрүндө күндөп-түндөп, айлап-жылдап айткан залкар манасчыларыбыз жашап өткөн. Азыркы күндө дагы манасчылык улуу өнөрдү улантып келе жаткан манасчылардан уучубуз кур эмес. Дагы бир көрүнүктүү “Манас” изилдөөчү Б.М.Юнусалиев: ““Манас”эпосу – элдин көркөм сөзгө ынактыгын, ырга шыктуулугун далилдеген чыгарма”,-деп кыргыз элинин, алардын ичинен манасчылардын феномен экендигине баа берген. 
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов:““Манас” эпосу – кыргыздардын рухий турмушунун туу чокусу”,-дегендей кыргыз элинин оозеки түрүндө айтылып, кылымдардан кылымдарга сакталып келген рухий, маданий мурасы - “Манас” үчилтиги жалпы адамзаттык маданияттын кенчине айланды. Бул кыргыз эли үчүн абдан чоң СҮЙҮНҮЧ болду.   
Себеби, 2013-жылдын 2-5-декабрында Азербайжандын Баку шаарында ЮНЕСКОнун кезектеги отуруму болуп өтүп, бул отурумга дүйнөнүн 156 мамлекетинен делегаттар катышып, отуздай мамлекеттин сунуштары каралды. Бул жыйынга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган 30 адамдан турган кыргыз делегациясы катышты. Алардын ичинде “Манас” изилдөөчүлөр, манасчылар, сүрөтчүлөр жана ошондой эле Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин эмгек жамаатынын атынан Башкы директор Ормошбек Чоюнбаев жана Таластан чыккан белгилүү манасчы Камил Мамадалиев да бар. Манастын ЮНЕСКОнун курамына киришине үч жыл бою ЖКнын депутаты К.Самаков баштаган жумушчу топтун, күжүрмөн эмгектеринин акыбети кайтып, тилек ишке ашты. Тактап айтканда, 2013-жылдын 4-декабрь күнү “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпикалык үчилтиги Кыргыз Республикасынын атынан ЮНЕСКОнун адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдүү тизмесине киргизилди.   Бул тарыхый окуя менен 1995-жылдагы “Манас – 1000” мааракеси кыргыз элинин зоболосун көкөлөтүп, “Манас” дүйнөсүнүн кеңири кулач жайышына жакшы шарт түздү. Манастын руху көккө учкан Алпкаракуш сыңары бийикке көтөрүлүп, “Манас! Манас! Манас!” – деп ураан чакырылып, кыргыз деген сөз бүт ааламга жаңырды. “Манас” үчилтиги жалпы адамзаттык казынадан ордун таап, 2013-жылдын 4-декабрь күнү тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып калды. 
Бул – ар бирибиз үчүн сыймык!
 
   
“Манасчылар – кылымдарга көпүрө”, - дегендей манасчылык өнөр муундан-муунга уланып, 
“Манас” эпосу түбөлүккө айтыла берет! 
Даярдаган: “Манас” эпосу музейинин илимий кызматкери Асанакунова Назгүл