Манасчылар

2015-04-03 12:26:49
Уркаш Мамбеталиев
          Кыргыз Республикасынын “Эл артисти” (1994), Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү (1982), Кыргыз ССРнин Жогорку кеңешинин “Ардак Грамотасынын” ээси, “Манас”-1000” медалынын ээси (1995), үчүнчү даражадагы “Манас” орденинин ээси (2004), Эл аралык интеллектуалдык Коомунун “Алтын медалынын ээси (2010), “Эл манасчысы” Коомдук наамынын (2011) жана “Залкар манасчы” Коомдук сыйлыгынын (2011) ээси, “Улуу Баян” Коомдук стипендианты, акын, манасчы Уркаш Мамбеталиев 1934-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Бугунун белек уруусунун токоч уругунан.                         
      Жаштайынан ыр-күүгө шыктуу өскөн Уркаш, Сагымбай Орозбак уулунун вариантынан айрым үзүндүлөрдү жаттап айтып жүргөн кезде түшүнө аян берген учурлар болгон. Кийин Саякбай Карала уулуна жолугуп, анын батасын алган. Саякбай Карала уулу кийин да түшүнө кирип, анын таасирин ырга салган. Андан сырткары, Ыбырайым Абдыракман уулуна, Шаабай Азизовго, Кааба Атабековго, Сейдана Молдокеевага жолугуп, манасчылыктын сырларын өздөштүргөн. Кийинчирээк өз вариантында да айрым эпизоддорду аткарып, Кыргыз Илимдер академиясынын Кол жазмалар фондусуна тапшырган. Анын айтуусундагы “Каныкейдин Тайторуну чабышы” эпизодундагы:
                                                          “Кулактын асты жылтылдап,
                                                            Куйруктун асты чылпылдап.
                                                            Куйруктарын шүйүшүп,
                                                            Куушуп барат эки мал,
                                                            Кулакка кулак тийишип”- деген өңдүү саптар анын акындык дараметин ачып бере алат. Уркаш Мамбеталиев 1950-1957-жылдары Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынан билим алат. 1957-1962- жылдары Ысык-Көл обласык драмтеатрында артист болуп эмгектенет.1962-жылдан тартып, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармонясында солист болуп эмгектенип келип, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Филармонияда эмгектенип жатып, Уркаш Мамбеталиев Түркия, Орусия, Кытай, Швеция, Нидерланды, Белгия, Пакистан, Ооганыстан, Италия, Жапония өлкөлөрүнө барып, ”Манас” айтып, кыргыз дастаны менен тааныштырып кайткан. Ардактуу эс алууга чыккандан тартып, көзү өткүчөктү ал жеткинчек манасчыларга устаттык кылып, таалимин берип келди.
         2010-жылы Уркаш Мамбеталиевдин айтуусунда 36 миң ыр саптан турган “Семетей” бөлүгү толугу менен жарык көргөн (экинчи басылышы, биринчи басылышы 2000-жылы жарык көргөн). 2011-жылы анын айтуусунда “Манастын төрөлүшү”, “Манастын балалык чагы”, “Манастын алгачкы эрдиктери” аттуу окуялар биригип, Республикалык “Манас” жаштар ордосунун колдоосу аркылуу китеп болуп жарык көрдү. 
        Мындан сырткары Уркаш Мамбеталиев профессионал акын катары да бир катар ырлар жыйнагынын автору болуп эсептелинет.
Асанкан Жуманалиев
       Манасчы, Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти”(1994), Кыргыз Республикасынын “Билим берүүнүн мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси, “Улуу Баян” Коомдук фондунун стипендианты (2011). Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006)  Жуманалиев Асанкан 1947-жылы Таластын Манас районуна караштуу Арал айылында төрөлгөн. Сарууга караган алакчындын акбай уругунан. Ал жаш кезинен эле элдик ырларга, уламыштарга жакын болуп, аларды жата калып тыңдап, дитин коюп, дилгирлик менен чоңоёт. Айылындагы Ынаш Кумаш уулу деген манасчыдан тарбия алып, манасчылыкты ошондон өздөштүргөн. Манасчылыкка катуу кызыгып, чөлкөмүндөгү манасчыларга издеп барып жолугуп, алардан таалим алганга аракет кылган. Кийинчерээк өзү да кошуп, эл арасына манасчы катары таанылган. Эл аралык сынагына катышып, “Манас” эпосунун үзүндүлөрүнүн мыкты аткаргандыгы үчүн баш байгеге ээ болгон. 1964-1965-жылдары атактуу манасчы Саякбай Карала уулунан, 1992-жылы кытайлык манасчы Жусуп Мамайдан бата алган. Манасчылар Самат Көчөрбаев, Аман Дүйшөбаев төкмө акын Аалы Туткучевдердин устаты.
2011-жылы анын айтуусунда “Манастын төрөлүшү”, “Манастын балалык чагы”, “Манастын алгачкы эрдиктери” аттуу окуялар биригип, Республикалык “Манас” жаштар ордосунун колдоосу аркылуу китеп болуп жарык көрдү.
 
Назаркул Сейдракманов
     Кыргыз Республикасынын “эмгек сиңирген артисти” (1994)” Манас” банкынын,” Улуу Баян” Коомдук фондунун стипендианты (2011) заманыбыздын белгилуу манасчыларынын бири Назаркул Сейдракманов 1951-жылы Таластын Данбагар айылында туулган. Эпостун үч бөлүгүн толук айтуу менен Кыргыз Улуттук телерадиокомпаниясынын “Бабалардан калган сөз”  телеберүүсүнө тартылган. 1995-жылы өткөн “Манас” эпосунун 1000 жылдык салтанатына арналган манасчылардын Эл аралык сынагында баш байгеге ээ болгон. Анын варианты өзүнүн көркөмдүүлүгү, эпикалык салыштыруулары менен айырмаланып турат Алсак,
   “Ташынан көп кийги”,
   Талытат көздү бийиги” – деген Тал-Чокунун сүрөттөлүшү болбосо, Кошой менен Жолойдун күрөшүн айтып жаткандагы:
                                              "Буту тийген  жерлери, 
                                                Бута атым бою жар болду
                                                Буурадай   кирген  доолорго,
                                     Бул дүнүйө тар болду!" -деген  сүрөттөлөр  манасчынын  сөзүнүн  көркөмдүүлүгү  канчалык денгээлде  экендигин  айгинелеп  турат.
 
 Талантаалы Бакчиев
        Кыргыз Республикасынын “Ардак Грамотасынын” ээси (2011), Кыргыз Улуттук жазуучулар Союзунун мүчөсү (2006), “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин ээси (2010), “Манас эли” Коомдук бирикмесинин “Манас” төш белгисинин ээси (2010), Коомдук Манас академиясынын “Айкөл Манас” төш белгинин ээси (2011), “Улуу Баян” Коомдук фондунун стипендианты (2011), манасчы Бакчиев Талантаалы  Алымбек уулу Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Маман айылында (мурдагы Кара-Бөлтөк) 1971-жылы 2-декабрда туулган. Талантаалы манасчылыкка 12-13 курагында келет. Бардык жаратман манасчыларга таандык болгондой эле ал кереметтүү түш аркылуу “Манас” айтып калат. Түшүндө: Чыйырды, Манас. Каныкей, Коңурбай. Алмамбет, Чубак, Ырамандын ырчы уулу Каратай, Сыргак, Семетейлерге кабылган. Мына ошол алгачкы түштөрүнүн бирин, ал өзү төмөнкүчө баяндайт:        
        “Адаттагыдай эле мен коюмду айдап, Жыргалаң суусунун боюнда кой жайып чыктым. Түш оогондон кийин бир аз тамактанып, чычырканактын түбүнө ыксырап жатып, көзүм илинип кетиптир. Жыргалаңдан бери дөбө ылдый мени эки адам жетелеп келип, суу боюндагы чоң ак боз үйдүн  ичине түртүп, киргизип жиберишти. Тизелеп барып, отуруп калдым. Башымды көтөрүп, айланамды карадым. Коломтодо бүлбүлдөп күйгөн оттун жарыгынан улам, керегеде илинген илбирс, жолборс, аюунун терилерин жана алты кездей келген болот кылыч, капкадай кара калкандын илинип турганын даана көрдүм. Аңгыча, эки аял киши жаныма басып келип, колтугумдан сүйөй, төрдөгү жыгач тактанын үстүндө жаткан дырдай жылаңач наристенин жанына жетелеп келишти. Мунун бири Айкөлдүн тапкан Чыйырды, экинчиси Айкөлдү Айкөл кылган айтылуу Каныкей энелер экенин баамдадым. 
2010-жылы ПРООНдун, 2011-жылы Эл аралык “Кристенсен” Фондусунун колдоосу менен жана “Кыргыз нур”, “Тынчтыкты коргоо” Коомдук фондусунун долбоору аркылуу Талантаалы Бакчиев Кыргызстандын жети дубанын эки ирет кыдырып, өлкөнүн ар кайсы катмарындагы жарандарга “Манас” дастанын айтып жана “Манас” дастанынын, манасчылык касиетинин кыргыз элиндеги орду жана озуйпалары тууралуу лекция окуду. 
2010-2011-жылдары Талантаалы Бакчиев “Манас” Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууга жигердүү катышкан. Ошондой эле 2011-жылы “Манас” үчилтигин (“Манас”, “Семетей” ,”Сейтек”) ЮНЕСКОнун “ Дүйнөлүк руханий мурас” аттуу номинацияга документтерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары өзүнүн долбоорун Кыргыз Республикасынвн өкмөтүнө сунуштаган.
 Рыспай Исаков
     Кыргыз Улуттук  жазуучулар  Союзунун  мүчөсү, «Манас»  банкынын, «Улуу Баян» Коомдук фондунун  стипендианты, акын жана  манасчы  Рысбай Исаков 1975-жылдын 11-майында Ош областына  караштуу  Өзгөн  районунун  Жээренче  айылында  туулган.  Рысбай орто мектепти аяктап ,  Ж. Баласагын  атындагы  Кыргыз  Улуттук   университетинин  «Кыргыз филология» факультетине  тапшырып, 2002-жылы  аны   артыкчылык  диплому  менен  бүтүргөн. Манасчылык өнөргө   аттануунун   себебин   бардык   манасчылар сыяктуу  эле түш көрүү, аян берүү аркылуу түшүндүрөт.  Өзүнчөлүккө ээ болгон   өзгөчөлүктөрү,  айырмачылыктары да бар. Алсак, Манастын  энеси  Чыйырды  жолборстун  эле жүрөгүнө  эмес,  ажыдаар  этине  талгак  болуп, аны табалбай  каржалып  турган  элге  думана  келип,  Теңирдин  мээри түшүп, нуру себилген касиеттүү жаңгак берип, талгагы ошондо гана канат. Бир сөз менен айтканда, ал айткан «Манастын» варианты синтездик  мүнөзгө  ээ.
 

 Замирбек Баялиев
       “Манас” банкынын,” Улуу Баян” Коомдук фондунун стипендианты,  Коомдук Манас академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси (2011), Баялиев Замирбек Жайлообек уулу 1980-жылдын 21-апрелинде Талас областынын Талас районуна караштуу “Манас”  айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Манасчылыкка салттык көрүнүштөгү түш көрүп, аян алуусу себеп болгон. Он беш жашында түшүнө Баатырлар кирип, андан кийин ээлигип, эч ким жок ээн талаага чыгып алып, жашынып “Манас” айтып жүргөн. Тартынчаак, уялчаак мүнөзүнөн улам эл алдына чыкпай, буулугуп көпкө жүруп калган. Ошондон улам сыркоолоп калган. Дарыгерлерге көп эле көрүнгөнүнө карабай, эч кимиси дартын аныктап бере алган эмес. Ошондой күндөрдүн биринде түшүнө кырк чоро кайрадан кирип, “Манас” айт!” деп, кысмакка алган. Анан гана өзүндө болгон өзгөрүулөрдү  үйүндөгүлөргө айтып берген. Ата-энеси Манас атанын күмбөзүнө алпарып, кой союп, түүлөө өткөрүп, ошол жерден “Манас айттырып, элдин батасын алып берген. Ошондон тартып, эл алдына чыгып, “Манас” айта баштаган. Мурда жанын кыйнап жүргөн илдеттерден да айрылган. 
2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук  университетинин “Кыргыз филологиясы” факультетин бүтүргөн.
2005-жылы “Ала-Тоо жазы-2004” Республикалык студенттер фестивалынын лауреаты болуп табылган.
 
Камил Мамадалиев
       Мамадалив Камил Сагынбек уулу 1981-жылдын 15-сентябрында Талас районуна караштуу “Хан Бүргө” айылында төрөлгөн. Манасчылыкка жаштайынан дитин коюп, ынтаасын берип чоңойгон. 1994-жылы “Жаш таланттар” Эл аралык кароо-сынагына катышып, 2-орунга татыктуу болгон. 1995-жылы ошол эле сынакта кайра экинчи орунду алган. 1996-1997-жылдары ушул эле сынактарда 1-орундарга татыктуу болгон. 1999-жылы өткөн Манасчылардын Эл аралык сынагында” жаш балдар арасында 3-орунду ээлеген. 2002-жылы Ш. Шеркулов менен М. Баетовдордун 100 жылдыгына арналган “Талас таңшыйт” аттуу Республикалык телефестивалында баш байгеге ээ болгон. 2004-жылы “Эл ичи-өнөр кенчи” Республикалык  кароо-сынакта манасчылык өнөр боюнча 2-орунду ээлеп, С. Каралаевдин атындагы сыйлыктын лауреаты болуп, күмүш байгеге ээ болгон. 2007-жылы Ат-Башы жергесинде өткөн “Кошой коргон” Республикалык телесынагында  3-орунга арзыган. Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган Республикалык манасчылардын кароо-сынагында  1-орунга ээ болгон.
2002-жылы студенттик Ала-Тоо жазы фестивалынын жеңүүчүсү.
     Коомдук Манас академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси,
Маданияттын мыкты кызматкери.
2012-жылы Камил Мамадалиевдин манасчылык өнөрүн сыйлап, “Улуу Баян” Коомдук фондусу, манасчыга жеңил автоунаа тартуулаган.
Азыркы учурда 2010-жылдан бери Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде манасчы болуп үзүрлүү эмгектенип келет. Артында эл оозуна алынган шакирттери ээрчип келе жатат. Алар Азиз Биймырза уулу, Адилет.
 
Самат Көчөрбаев
      “Манас” банкынын, “Улуу Баян” Коомдук фондунун стипендианты (2011), Көчөрбаев Самат Баатыркул уулу 1983-жылдын 22-ноябрында Талас областына караштуу “Манас” районунун Арал айылында катардагы  жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 14 жашынан тартып манасчылык өнөрдү аркалап келет. Анын бул өнөргө келип калуусуна агайы, Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген артисти”, манасчы Асанкан Жуманалиев себепкер. Манасчылык боюнча жетишкендиктери
1999-ж. “Жаш таланттар” конкурсу. Бишкек 1-орун,
2001-ж. “Ош-3000” жаш таланттар фестивалынын катышучусу, 
2002-ж. “ Талас таңшыйт” конкурсунда 3-орун, Талас.
2003-ж Республикалык “Ысык-Көл жазы” студенттер аралык фестивалында дастанчылк боюнча 2-орун, Каракол.
2004-ж.  Манасчылар мелдешинде Баш байге,Талас. 
Самат 2000-2006-жылдар аралыгында Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик искусство институтунун “Фольклор” бөлүмүнүн дастанчылык классында Кыргыз Республикасынын “Эл артисти”, төкмө акын Замирбек Үсөнбаевден окуган. 
2009-ж Салттык музыкага арналган Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын катышуучусу. Казакстан, Алматы шаары.
2010-ж. Маданият жана маалымат министирлигинин “Ардак грамотасы.”
2011-ж Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин” ээси. 
       Дөөлөтбек Сыдыков
        “Манас” банкынын стипендианты, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш  белгисинин ээси (2010), Коомдук Манас академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси (2011), “Улуу Баян” Коомдук фондусунун стипендианты, Сыдыков Дөөлөтбек Качкын уулу 1983-жылдын 25-августунда Ысык-Көл областына караштуу Төң районундагы Шор-Булак айылында төрөлгөн. Саяк уруусунан. Он эки бир туугандын тогузунчусу. Манасчылык Дөөлөтбектин улуу чоң атасы Сыдыктан бери келе жаткан өнөр. Сыдык Чымырбай уулу (1887-1915) саяктын кааба уругунан чыккан жамакчы, дастанчы, семетейчи болгон. 
Ал эми Дөөлөтбек кичинекей кезинен эле түшүнөн аян берип, ошондон улам айта баштаган. А дегенде 7-классында (13төрдөгү кез ) Мектепте линейка болуп:  “Манас” айтпайсыңбы, сенин үй-бүлөңдө айтышат да “-деп мугалимдер  “ Манас” айттырмак болушат. Ал “Манас” айта албай кыйналып ыйлап жиберет . Ошондон көп өтпөй түшүнө Саякбай ата кирип: “Балам- “Манасты” минтип айтып жүр” деп, өзү” Манас” айтып берди. Ал түштөн кийин бир эмес бир нече ирет кирип, Саякбай өзү айтып берет же Дөөлөтбек айтып жатканда, аны карап турган болот. Манас баатыр, Алмамбет, Чубак, Сыргак, Бакай, Семетей, Күлчоро, Канчоро баатырлар түшүнө кирет. “ Түштүн айта турганы да, айтпай турганы да болот”- дейт, Дөөлөтбек. 
1996-ж. манасчы Мамбет Чокмор уулунун 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн  жаш манасчылардын кароо-сынагында 1-орунга татыган.
 
Улан Исмаилов 
        Улан Исмаилов 1984-жылы 8-июлунда Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Жаргылчак айылында туулган. Бугунун желдең уруусунан. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз тили комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси(2005), “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисинин (2010), Коомдук Манас академиясынын “Айкөл Манас” төш белгисинин ээси (2011), “Улуу Баян” Коомдук фондусунун стипендианты. 2006-жылы Соң-Көлдө өткөн “Сон-Көлдү Манас жердеген” аттуу Эл аралык кароо сынакта 1-орунга ээ болуп, Кыргыз Республикасынын президентинин атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланган. Ошол эле жылы Кыргыз Улуттук телерадиокомпаниясынын “Алтын казынасына” “Манас” үчилтигинин “Манас бөлүгүнөн “Манастын Ала-Тоого көчүп келиши”, “Чоң казат” окуяларынын айрым үзүндүлөрү жазылып алынган. У. Исмаилов азыркы учурда салттуу манасчылык өнөрүн улантууда.
 
Биймырза уулу Азиз
        Манасчы Биймырза уулу Азиз 1996-жылдын 16-сентябрында  Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. Манасчылыкка 7 жашынан баштап дилгирленип, 14 жашында Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексиндеги залкар манасчы Мамадалиев Камилге жолугуп, ак батасын алып, ээрчип баштаган. Устаты Камилден “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтикти толук угуп таасирленип, улуу дүйнөгө сүңгүп кирген. Манасчылыкты негизинен Азиз деле түш көрүү, аян алуу менен баштаган.
2008-жылы Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинде өткөрүлгөн жаш манасчылардын кароо сынагында 1-орунду ээлеген.
2009-жылы Республикалык “Жаш таланттар” кароо сынагында 2-орунду ээлеген. Ошондой эле Биймырза уулу Азиз көптөгөн сыйлыктардын ээси.
Манасчылар / түз. Т. Бакчиев; Ресбупликалык “Манас жаштар ордосу”2012ж.  
Даярдаган: Ага илимий кызматкери Эралиев Р.А.