Манасчылар

2015-04-30 09:55:41
КЕЛДИБЕК БАРЫБОЗ УУЛУ
(1790-1880жж.)
      Келдибек болжол менен 1790-жылдары Чүй өрөөнүндөгү Жел-Аргы деген жерде төрөлгөн, 80 жашка жеткен кезде 1880-жылдарда Ат-Башыдагы Баткак деген жерде каза болот. Азык уруусунан. Калкан Керимаалы уулунун айтуусу боюнча: «Чүй өрөөнүндө жашап турушкан Азык уруусунун Барыбоз, Байбоз, Карыбоз деген үч бир туугандар Азык тукумдары менен кеңешип туруп, биз Ниязбектин сегиз бегинин («сегиз бек» деп: Ажы, Субан, Ормон, Бердибек, Бердикожо, Кожобек, Шатен, Ырыскулбек аталган) айылына келгенде эркек балалуу болдук. Бул бала тегин бала болбойт. Ошондуктан бектердин айылына келгендигибизди билгизип жүрүү үчүн «Келдибек!» деп, ат коюшат». Келдибекти Байбоздун аялы төрөп, этек алдынан эле улуу агасы Барыбоздун аялы багып алган болот. Бирок үч бир тууган үчөө тең эле Келдибекти алпештеп багып өстүрөт. Ал эми Барыбоз өзү жамакчы, ырчы жана санжырачы болуптур. Кээ бир учурларда «Манас» да айта коюп жүргөн экен. Ошондой эле Барыбоз менен Байбоздун аялдары да чоң жамакчы, кошокчу экен. Келдибек «Манасты» 17 жашынан тартып айта баштаган. Ал «Манас», «Семетей», «Сейтек» менен эле чектелбестен, Кошой, Бакай, Алмамбет, Чубак, Сыргак жана башка кырк чоронун ар бирин 3-4 бөлүмдөн турган өзүнчө дастан кылып айткан экен. Келдибектин айтканын бир нече ирет көрүп, уккан Кызалак уулу Керимаалынын мүнөздөөсү боюнча, Келдибек «Манасты» айтаар алдында, элге кайрылып: «Коркпогула, кулагыңарга ит улуп, кой маарап, уй мөөрөп, жылкы кишенеп, төө боздоп, бороон болгондой угулат. Сыртта эрлер сайышып, чабышып жаткандай, Манастын чоролору келгендей сезилет. Айрымдардын көздөрүнө да көрүнөт. Көзүңөргө Манастын кара чаар кабыланы, жолборс, илбирсттери качыргандай, жалгыз көздүү керик минген дөөлөр келе жаткандай көрүнөт. Коркпой келме келтирип отура бергиле. Көңүлүңөрдү  мага, мен айткан «Манаска» гана койгула» деп элди дайындап, алдына бир чоң кара аяк майды эритип, тулга жакка койдуруп коюп, чөк түшүп айтып кирчү. Төрдөн орун алган жомокчу, желип отуруп, улагага жетип калаар эле. Угуп отурган элдин муундары калтырап, апкаарып, көздөрүнө «Манастагы» айтылган окуялар көрүнүп, кулактарына угулуп, сезилип турчу» Манастын кереметтүү касиети колдогон Келдибек манасчы кара баскан аялдарга барып, байлатма жиндиге барып «Манастан» айтканда алар сопсоо болуп, сакайып кетишчү экен. Эсенкул элинин чоц манабы Осмон көпкө дейин бала көрбөй жүрүп, акыры ырым кылып, Келдибекти чакыртып, «Манас» айттырганда, эркек балалуу болот. Атын Супа коёт.Токторбай деген бирөө жолдоштору менен уурулук кылуу үчүн бир айылга жөнөшсө, ал айылда Келдибек «Манас» айтып жаткан болот. Уурулар жакын келгенде, курчап турган ыксыз чоң адамдарды көрүп, алардан коркуп кайра кайтышкан экен. Алп манасчылардын бири Келдибек манасчынын чыгармачылыгы тууралуу эл оозунда: «Манас баатыр Келдибекке түнөп өткөн, Тыныбекке жолугуп кеткен, Сагымбайга түштөнүп өткөн» - деген ылакап сөз айтылат. Мунун өзү анын өнөрүнүн канчалык деңгээлде экендигинен маалымат берет. Келдибектин манасчылыгына башка эмес, олуя акын Арстанбек өзү таң бере төмөнкүдөй ырга кошот:
«Келдибек Манас айтканда,
Шамал уруп, бук болуп,
Боз үйлөргө жүк толуп.
Чагылган учуп чартылдап,
Кереге-уук карчылдап.
Үзүктөрү желпилдеп,
түндүк жабуу салпылдап,
эшиктери шалкылдап,
ат дүбүртү угулуп,
айыл калбай чогулуп,
журт атасы Манастын,
Алмамбет, Чубак, Сыргактын,
Арбагы көзгө урунуп.
Кырк чоро кырдан суурулуп,
Кемпирлер турчу балпылдап,
Келиндер турчу калчылдап.
Желеде кулун чыңырбай,
Кымызга көңүл бурулбай.
Азынабай айгыры,
Аздектеп турчу бардыгы.
Төөлөр чөгүп жоодурап,
Карылары кобурап.
Койлор жуушап, кепшебей,
Коңулда иттер эт жебей.
Парбардигер кудурет,
Паана болуп өзүнө.
Кара тору түспөлү,
Кыпкызыл болуп чыңалып,
Арча отундай чок болчу.
Ашырып айтаар Манасты,
Ак уул, Куу уул кыргызда,
Андай адам жок болчу.
Түндүк бою түйүлүп,
Кереге бою керилип.
Коргошундай былкылдап,
Кор кызындай жылтылдап.
Он эки мүчө шалкылдап,
Бүт денеси балкылдап,
Он манжасы калтылдап.
Тар дүйнөнү унутуп,
Кең бейиште жүргөндөй.
Сыйкырдуу дүйнө аралап,
Керемет болуп кеткенин,
Көргөн жайым бар эле,
Көрбөгөн адам зар эле».
Келдибектин өнөрү жөнүндө мындан таасын, мындан так сөз табуу кыйын.
Ал эми Тоголок Молдонун айтуусу боюнча:
«...Келдибек айткан азыктан,
Бузулган эмес басыктан,
Басылбастан күүлөнүп,
Барган сайын ташыткан.
Айкөл Манас султанга
Адамдын сөөгүн жашыткан.
Айтып жүрөт карылар,
Аңгеменин баары бар.
Чындап айтып киргенде,
Айдын жүзү тутулуп.
Жамгыр жаап бургактап,
Күндүн түрү бузулуп.
Шамал жүрүп аркырап,
Жамгыр төгүп шаркырап.
Баатыр Манас султаның
Белги берип кетет деп,
Жомокчунун кимиси
Келдибекке жетет деп?..»
Чынында да, ал Манас айтканда, улуу жомокко өзү эле аралашып кетпей, тегерегиндеги жандуу-жансызды бутундей өзү менен ошол дүйнөгө ээрчитип кетчү дешет. Ал себептүү табиятты да өзгөртүүгө учураткандыгын калк жомоктоп айтып жүрөт. Бир сөз менен айтканда, Келдибек сейрек кездешүүчү, чыныгы алп манасчылардын бири болгон.
 
БАЛЫК (БЕКМУРАТ) КУМАР УУЛУ.
(1793-1887)
     Балык Кумар уулу болжол менен 1793-жылы туулган. Бекмурат Кумар уулунун туулган жылы тууралуу так маалыматтар жок. Бирок айрым бир материалдарга таянганда, Балык манасчы болжол менен 1793-1799-жылдары туулуп, 80 жаш курагында 1887-жылдары Чүйдөгү Арчалуу деген жерде дуйнөдөн кайтат. Сөөгү Байтиктин Бас-Бөлтөгүнө коюлат.
     Балык Кумар уулунун уруусу сарыбагыштын бир бутагы болуп, уругу Чоңчарык аталып, алардын айрымдары жергиликүү манаптан көп кордук көргөндүктөн, үч атанын балдары Таласка ооп кетишет. Ошентип, Балык Кумар уулу Талас өрөөнундө туулат. Анын азан чакырып койгондогу энчилүү ысмы - Бекмурат. Ылакап аты - Балык.
Атасынан эрте ажырагандыктан Бекмурат жаштайынан көрүнгөндүн кызматын кылып, өлбөстүн күнүн көрөт. Талас өрөөнүнүн мыктылары Кокон улугуна жагынуу үчүн салыгына кошуп, Балыкты тартуу катары беришет. Кокондун беги баланы жактырып, салыктан жыйналган койлорду айдатыш үчүн ага койчу кошуп Наманганга жөнөтөт. Койлорду айдап, Манастын кумбөзүнө жеткенде түн кирип, жамгыр жаайт. Бекмурат күмбөзгө кирип уктап калат. Түшүндө Манас баатыр кырк чоросу менен келип, мындан ары Бекмуратка өздөрүнүн жоокердик жүрүштөрү тууралуу айтып жүрүүнү талап кылышат: «Сен Балык, уксун калк, абдан айткын жарык! Оозуң, көзүң балыкка окшош экен. Сенин мындан кийин атың Балык болсун!» - деп айтып, көздөн кайым болушат. Манас кайыбынан берген Торукунанды Бекмурат кой айдаган жолдо Кабак деген жерден таап минип, Наманганга барат. Манас баатыр даарып кеткенден кийин Бекмурат жаңы — «Балык» деген ысымга конгонун, Торукунанды кимден алганын жашырбай, Намангандын Кушбек деген бегине айтып берет. Кушбек таң калып: «Манас» айтасыңбы?» - деп сурайт. Балык: «айтам!» — дейт. Кушбек айтканын угуп, анан өзүн мактап ырдоону буюрат. Ошондо Балык: «Пайгамбар сааба баары өттү, Наманган ылдый датка өттү» — деп баштап, бектин зоболосун, кадырын, атагын мактап ырдайт. Кушбек өзүн мактаганга аябай ыраазы болуп, манасчы-ырчы Балыкты урматтап, сыйлап кийит кийгизип, кайра узатканда Таластагы Ажыбек датка, Бүргө баатырдын Манасчылар наамына кат жаздырып, мөөрүн бастырып: «Балыкты жакшылап күткүлө» — деп дайындайт. Балык Намангандан Таласка келгенден баштап эл алдында, аш-тойлордо Манас баатырдын тапшырмасын аткарып, эл кыдырып, өзунун өнөрүн такшалтып, атпай кыргыз журтуна таанылат. Кийинчерээк Балык Байтиктин кийлигишүүсү менен Чүй бооруна көчүп келет. Балык текебер сүйлөбөгөн, эч кимден жалтанбаган, дайыма туура айткан, адилет, чечкиндүү, март адам болгон экен. Манасчылыгы менен тапкан олжосун бей-бечара, жетим-жесир, жардыларга бөлүп берип турган экен. Мына ушундай касиетинен улам, жалпы эл, Балыкты Байтик баатырдан башкасы «аба» деп урматташкан. Байтик каза болгондон кийин Балык Кочкорго көчүп барып, үч жыл турат. Ал жерде Шапак манасчынын атасы Ырысменде менен айыл болуп чогуу жашайт. Ошол учурдагы өспүрум Шапак Балык менен бирге жүрүп калат. «Улгайып калган курагында да Балыктын бетине бырыш түшпөгөн, кыпкызыл болуп, үнү жигит кезиндегидей шаңкылдап бийик чыга тургандыгын» Шапак манасчы эскерет. Балык манасчы «Манасты» айтканда аккан суудай шар кетип, күнү-түнү айта берчү. Ал окуяны уккан кишидей эмес, Манас баатыр жана анын чоролору менен бирге жүргөндөй айтчу» — деп эл ичинде эскерилет. Балыктын өзүнүн сөзүнө Караганда «Манас» дастаны эки бөлүмдөн турган: биринчи бөлүмүндө - «Манастан мурдагы кыргыз тарыхы», ал бөлум «Оторхан» деп аталат. Экинчи бөлум - «Манастын окуялары». «Манас» бөлүмүндө кан Кошой, Бокмурун кан, Коёш кан, Жүгөрү кан, Үрпү кан, Музбурчак, Жамгырчы, Айдаркан, Көкчөкан, Буудайык кан жана башка кандар баяндалган.
    Балыктын айтуусуна таандык үзүндүлөрдү Каюм Мифтаков Таластын Кең-Кол жана Улуу-Төр жайлоосунда Сулайман Рыскулбек уулунун айтуусунда жазып алган. Сулайман бул үзүндүлөрдү Балыктын уулу Найманбайдын өз оозунан угуп, үйрөнгөн экен.
Тоголок Молдонун ага арнаган төмөнкүдөй ыр саптарына кайрылсак:
«Өз уругу чоң чарык,
Абийир тапкан Манастан,
Элден мурун үйрөнүп,
Айтып келген Таластан».
 
НАЗАР БОЛОТ УУЛУ .
(1828-1893)
      Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна (азыр: Ак-Суу району) караштуу Сары-Камыш айылынан чыккан Назар Болот уулу бугунун арыкмырза уруусунун каратакыя-каракыз уругунан. Акылбек, Чоюке сыяктуу залкар манасчылардын устаты. Даанышман акын, ойчул Арстанбек Буйлаш уулунун таластык Чоңду ырчы менен айтышканда замандашы Назар жомокчунун айтуучулук өнөрун төмөнкүчө сыпаттайт:
«Семетейчи Назардын
Кан жесири Каныкей,
Букарды көздөй качканын,
Төлгө кылып долунун
Тайторуну чапканын
Кара нөшөр жамгырдай,
Төгүп ырдап турганда.
Каныкейдин арманын,
Калк дилине жеткирип,
Чөгүп ыйлап турганда
Ат дүбүртү угулчу,
Айыл калбай чогулчу,
Жетим-жесир зарына
Калк көңүлү бурулчу,
Салаалап жашы куюлчу»
Анын «Манасы» жазылып калбаганы менен, Чокон Валиханов жазып алган «Көкөтөйдүн ашы» дал ушул Назар Болот уулунан, Токсабанын ордосунда жыргалаң суунун боюнда жаздырып алган деген маалыматтар бар. Назарды көрүп билгендер анын чоң жомокчу болгондугун, үнү бийик чыгып, ”Манас” айтып кызып калган учурда топусу шилисинен чекесине келип-кетип тургандыгын жана эпостун үч илтигин толук билгендигин эскеришет. Жомокчу Мамбетаалы Ашымбай уулунун эскерүү сүндө; ”Каныкейдин Тайтооруну чапканы” Назар мыкты айтчу” экен. Ал эми дагы бир жомокчу Алмабек Тойчубек уулу: ”Ал Кыдыр акенин манасчысы болгон” дейт. Өз кезегинде Көлдүн атактуу манабы, кадимки Тилекматтын уулу Чыныбай, Назар менен Тыныбекти айтыштырып көргөн. Ал жомокчуларга Манас баатырдын дүйнөдөн кайтканынан тартып, ага кумбөз салдырууга чейинки окуяны айтуу тапшырылат. Адегенде Назар жомокчу баштап бир жарым күндө айтып бүтөт. Андан кийин Тыныбек баштайт. Ошонтип, буга көчүлүктүн бирдаары Назар күчтүү десе экинчи бир даары Тыныбек күчтүү деген. Ушунун өзү эле анын чоң манасчылардын биринен болгондугун далилдейт.
     Назар Болот уулунун “Манас” айтканын уккандар анын жомокчулугу жөнүндө; “Назар чоң жомокчу, ал “Семетей”,  “Сейтекти” да чебер айтаар эле” дешет. Ал эми Назар Болот уулу өзү: “Жээрде аттан башка малым жок, Манастан башка жаным жок”,-деп ырдоочу экен. Ушундан улам, Назар өмүрү дүнүйөө-мүлк күтпөгөн, жанын Манаска арнаган нагыз жомокчу экендигин билсе болот.
МУРАТ КАЛБАЙ УУЛУ .
(1870-?)
     Мурат Калбай уулу Ноокат өрөөнүнө караштуу Кеңеш айылында туулган. Түштүктөгү белгилүү манасчы Чоодандын шакирти. Мураттан 1947-жылы «Манастын балалык чагы», «Манастын Накылайга үйлөнүшү», «Бакайдын баяны», Каныкейдин баяны» сыяктуу «Манастын» айрым окуялары жазылып алынган. Анын варианты КУИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталууда.
 
ДЫЙКАНБАЙ ТОЙЧУБЕК УУЛУ.
(1873-1923)
       Дыйканбай Тойчубек уулу бугунун белек уруусундагы алдаяр уругунан. Ал 1873-жылы Ысык-Көлдүн азыркы Түп районуна караштуу Ой-Булак айылында туулуп 1923-жылы ошол эле айылда дүйнөдөн кайткан. Тыныбек манасчынын дагы бир шакирти, Алмабек Тойчубек уулунун бир тууган агасы, XIX кылымдын аягында, XX кылымдын баш ченинде жашаган чоң жомокчулардын бири Дыйканбай Тойчубек уулу эпос айтууга жаштайынан белсенген. Ашта-тойдо, кыз оюндарында жамактатып ырдап, элдир-селдир улуу жомоктон да айта коюп жүргөн күндөрдүн биринде, касиеттүү думана жолугуп, оозуна үч жолу түкүруп, кор болбо деп маңдайынан сылап: «Манасты» калтырбай айтып жүргүн» - деп, табыштайт. Ал Ысык-Көл, Нарын, Ат-Башы, Чүй, Жаркент, Нарын-Кол, Текес жерлерин кыдырып «Манас» айткан. Устаты Тыныбектин айтымында: «Семетейди» айтууда ак калпактуу кыргыздан Дыйканбайдын алдына эч ким чыкпайт» деген экен. Сагымбай, Тоголок Молдо, Деңизбай (Дөңүзбай), Касымбай, Калыгул, Байбагыш, Жакып, Кожоберди сындуу далай шакирттерди тарбиялаган устаттын оозунан ушундай татыктуу баага арзуунун өзү, анын өз доорунун эң мыкты жомокчуларынан болгондугун айгинелейт. Дыйканбай өз доорунда: Акылбек, Назар, Тыныбек Сагымбайларга жолугуп, жомогун уккан экен.
Дыйканбайдын кандай жомокчу экендигин Балыктын уулу Найманбай менен болгон айтышы аркылуу билсе болот:
«Жай айтасың Семетей,
Кыш айтасың Семетей.
Кийбейсиң бир башыңа,
Алакандай бүтүн тебетей» деп, Найманбай айтса, Дыйканбай жооп иретинде:
«Мен ырдайын бугудан,
Аркы атамды сурасаң,
Атан эмес, нар, деген,
Алтын эмес, зар деген,
Мен Белектин баласы.
Жашыман берди арбакты,
Ырдап өттүм Семетей менен Манасты» деп бирин-бири кордоп айтышкан экен.
Дыйканбайдын айтуучулук чеберчилиги тууралуу Тоголок Молдо мындай дейт:
«Дыйканбай айткан белектен,
Акмат айткан дөөлөстөн,
Кезегинде бул экөө,
Кемибей өттү сөөлөттөн.
Дыйканбай сайрап шартылдап,
Кардыкпай үнү шаңкылдап.
Басылбай үнү күүлөнүп,
Барган сайын шартылдап,
Семетейди сайрады,
Өз ордуна жайлады.
Жибербеди кетирип,
Жипке тизип байлады»
Дыйканбай жарчы катары да эл арасында кеңири белгилүү экен. Ал Солтоңкул деген чоң байдын ашында жар чакырат. Бирок анын элдин эсинде семетейчи катары белгилүү болгондугу айкын.
Жакшылык (Кара ырчы) Сарык уулу.
(1880-1934)
     Жакшылык Сарык уулу бугунун белек уруусунун  такабай уругунан. Эл ичинде “Кара ырчы” деген ат менен таанымал Жакшылык Сарыков 1880-жылы азыркы Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Көөчү деген айылында туулган. Он эки жашында  анын  түшүндө эки сары кыз кирип, тилине түкүрүп кетет. Ошондон баштап, ал эл аралап  таанылып, жамакчы ырчы катары белгилүү болот. Ал эми жыйырма бешке чыкканда дагы бир жолу түшүндө үч күн, үч түн аян берип, “Семетей”, “Сейтек” айтып калат.
     1925-жылы Х.Карасаев, Б.Жаркынбаев жана О.Мамыркановтор семетейчинин  “Семетей” менен  “Сейтегин” кагазга түшүрө башташат. Ал кол жазма 12 китепче болуп кийин КИАнын кол жазмалар фондусуна тапшырылат. Семетейчи Жакшылык Сарыков эпос айтуу менен эле чектелип калбастан, эл аралап ырдап жүрчү экен. “Кара ырчы” деп аталып калышынын башкы себептеринин бири мына ошонтип жамактатып эл кыдырып, ырдап келгендиги үчүн болсо керек. Кыргыз эли чебер төкмө акындарын «кара жаак» деп, атап келиши сыяктуу, «Кара ырчы» деп Жыкшылыктын мыкты акын, ырчы катары түшүнсө болот. Ошондой эле «Кара» деген эпитет сөз анын өң түсүнө карата берилиши да толук мүмкүн. Өз учурунда Жакшылыктын «Жылдыз» аттуу поэмасы мазмунунун көркөмдүүлүгү менен калың эл арасына кеңири тараган.
Тоголок Молдонун чыгармасында Жакшылык жөнүндө мындай делет;
“Жакшылык деген жомокчу
Көл башында бугудан,
Айткан сайын кызытат
Сөзү кызык урумдан.
Белен кылып күтүнгөн,
Семетей менен Сейтектен
Жетимиш бетче бүтүргөн”
Токтогул ырчы.
       Эл оозунда аңыз-уламышка айланган Токтогул ырчы  жөнүндө так маалымат жок. Андыктан поэзиянын тарыхын иликтөөгө алган кээ бир изилдөөчүлөрдүн  пикирлери  боюнча-Токтогул 14-15-кылымдарда  жашап  өткөн Кет Бука, Жээренчи чечен, Асан Кайгы, Толубай сынчы менен бир мезгилде жашаган ырчы болгон. Ал жөнүндө эл арасында “Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай  сынчы бол” деген ылакап айтылып калган. Буга улай эл ичинде  сакталып  калган  элдик  ырларды мисал  тартсак болот:
“Жер жалмаган неченди,
Күткөн экен Жаныбек ,
Жээренчи деген чеченди .
Урмат кылып күтүптүр,
Батина ачык эшенди .
Ошол Жаныбек күтүптүр
Токтогул деген ырчыны
Толубай деген сынчыны”
Жогорудагы мисалга таянсак Токтогул ырчы Жаныбек хандын замандашы болгон десек болот. Ал эми тарыхый булактарда Жаныбек хан 1341-1357-жылдары алтын ордону бийлеген. Бул жагынан алып караганда, Токтогул ырчы Жаныбек хандык кылып турган мезгилде өмүр сүргөн. Токтогул ырчынын Аксак Темирдин (1336-1405) баш кесээр желдети Кудаяндын өзүн кордоп жана мусулман динине ачык каршы чыккан соң, Кудаян каарданып,Токтогулду Самаркандагы Темирге жиберет:
“Өлтүрсөң өлөөрүм бар,
Өлбөөчү өнөрүм бар
Астырсан денем калаар,
Ырларым оттой жанаар “.
Аксак Темир  аны дарга асып, жору менен ит-куш жесин деп  денесин  талаага  сүйрөтүп таштатат. Жакындарына сөөгүн көмүүгө жана аза күтүп ыйлоого тыюуу салат.Темирдин канкорлугунан корккон эл түн ичинде үй-бүлөсүнө жашыруун угузуп, кара эчки союп, кара ашын берген экен.  Жазгыч акын жана манасчы Тоголок Молдо элдик уламыш сөздөрдүн негизинде, Токтогул ырчы жөнүндө:
“...Ырамандын соңунан
Иши келип оңунан,
Элден таап нусканы
Арбытып айтып кыскасын
Токтогул ырчы ырдаган,
Токтогул ырдап турганда,
Калктын баары тыңдаган.
Көрүп туруп көз менен,
Жомок кылып сөз менен
Ыраамандын Ырчы уул-
Жомокчунун башчысы.
Баарын тизген Токтогул-
Бул жомоктун ачкычы...”
       “Манас” алгач ирээт ким айткандыгы, азыр белгисиз. Мүмкүн ал Ырамандын Ырчы уулудур? Ал эми Ырамандын Ырчы уулу деп, биз Токтогулду кеп кылып жатабызбы же Токтогул Ырчы уулдун айткан  “Манасын” улап, өз  алдынча  айтып келген кийинки доордун манасчысыбы, айтуу кыйын.Андыктан, бул эки ысым тууралуу тарыхый так маалымат азырынча болбогондуктан, элдин эс тутумунда сакталып калган аңыз-уламыштарга гана таянууга туура келет.
Нооруз.
   Эл оозунда айтылып жүргөн маалыматка караганда Нооруз 17-кылымдын орто чени-18- кылымдын башында жашаган.
Ал жөнүндө Тоголок Молдо мындай дейт:
“... Мурунку келген сөз менен,
Бура салбай жолунан.
Нооруз ырчы ырдаптыр,
Калганын тизип жамгарып.
Барган сайын  толуктап,
Уккан адам таң калып .”
Чоңбаш (Нармантай)
    Ысык-Көлдүн Түргөн өрөөнүнөн (азыр: Ак-Суу району), бугунун арыкмырза уругунан чыккан 18-19-кылымдын залкар жомокчусу Чоң баштын таржымалы жана чыгармачылыгы тууралуу так маалымат жок. Кадимки Тыныбек жомокчунун устаты, өз доорунун эң көрнүктүү манасчыларынын бири  Чоң баштын өз аты Нармантай. Башынын чоңдугунан улам жогоркудай лакап атка ээ болгон.
Тоголок Молдонун манасчыларды сыпаатаган ыр саптарында, Чоңбаш тууралуу мындай дейт:
“Назар,Чоңбаш,Тыныбек
Үчөө чыккан бугудан...
Назар Чоңбаш жомокчу
Буларда жакшы айткан дейт,
Келишкен кебин укканда,
Адамдын дили таркан дейт.” (Тоголок Молдо).
Чоңбаштын манасчылыгы  тууралуу маалыматтар сакталган эмес. Андан таалим алган Тыныбек гана, Чоңбаш кандай ырчы эле дегенде: “Чоңбаш кыргыздын эң алдынкы жомокчуларынын  бири эле. “Чоңбаштын жомогу ай!” дегенде элдин