Новости

             Талас районуна караштуу, Таш-Арык айылынын тургуну Шайылдаев Эрнис Медетбекович 2018-жылдын жай мезгилинде Суусамыр жайлоосунун, Чоң Музтөр өзөнүндө жайгашкан, “Ак аска” деген жерден мал жайып жүргөн учурда жебенин учун таап ....
        2018-жылдын 21-сентябрында, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комлексинин “Манас” эпосу музейинде, өрттү алдын алуу максатында атайын машыгуулар болуп өттү. Аталган машыгууларга өрт өчүрүү кызматкерлери, кызыл ай коому жана тез жардам кызматкерлери келишип катышышты. Имаратта өрт чыккан кезде кандай иш аракеттерди жасоо керектигин, жабыркаган адамдарга биринчи ....
    2018-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин алдында ачылган Археология этнография, Кыргыз петроглифтери, Талас, Орхон-Энесай жазма эстеликтери музейине, Талас районуна караштуу, Таш-Арык айылынын, А. Эсенбеков орто мектебинин 5-классынын  окуучулары келишти. Келген мектеп окуучуларына “Манас” эпосу музейинин баяндамачысы Чолпон Исаева баяндама ....
  2018-жылдын 27-августунда Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейинде, “Элдик мураскерлер жана музей кызматкерлери” деген темада илимий практикалык семинар болуп өттү. Семинарга жалпы Талас облусунан 15 мураскер катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө ар бир мураскер өздөрү таап келген жана өз ыктыярлары менен тапшырган экспонаттардын ....
           2018-жылдын 17-августунда “Манас” эпосу музейинин илимий кызматкерлери Талас районуна караштуу, Калба айылынын тургуну, элдик мураскер Үкүбаев Марлендин маалыматы боюнча, Калба тоо кыркаларынын Чолок-Булак өзөнүндө кездешүүчү аска бетиндеги сүрөттөрдү изилдөө, сүрөткө тартуу, көчүрмөсүн алуу максатында экспедицияга бардык. Үкүбаев Марлен бул сүрөттөрдү мал жайып жүргөн ....