Новости

          Кара-Буура районунун Кара-Суу айылынын жашоочусу Өмүралиев Мирлан өзү жашаган үйүндө бир канча байыркы буюмдар бар экенин музей кызматкерлерине кабарлаган. Бул маалымат боюнча “Манас” эпосу музейинин илимий кызматкерлери аталган жерге барып, чоң атасы Маткерим уулу Мөөлөн аксакалдан буюм тайымдарын анын уулу ....
          2018-жылдын 14-августунда, Талас районуна караштуу, Көк-Кашат айылынын тургуну 70-жаштагы Рыскулбекова Анар апабыз, “Манас” эпосу музейине жыгачтан жасалган чөмүчтү өз ыктыяры менен тапшырды. Анар апабыздын айтымында бул буюм, жаш кезинде ошол үйгө келин болуп келгенде эле тургандыгын айтты. Музей жетекчилиги Анар апабызга ден-соолук каалап, терең ыраазычылык билдирмекчибиз.
           Улуу, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык мааракесине карата, Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейинин биринчи кабатында атайын эки бөлүктөн турган экспозициялык бурч ачылды.      Биринчи бөлүгүндө залкар жазуучунун өз калемине таандык китептери, өмүр таржымалы орун алса, ал эми экинчи бөлүктө, “Чынгыз ....
           Талас облусунун Манас районуна караштуу, Жайылган айылынын тургуну, Мусабаев Тахир Ташибаевич 6-8 кылымдарга таандык курамы кызыл граниттен турган балбал ташты музей фондусуна өткөрүп берди. Анын айтымында жер айдоо учурунда сокого кошо илинип чыккан ташты көрүп, жөн таш эместигин сезип, кандайдыр бир өзгөчөлүгү бар экен ....
                                                   Бакай-Ата районуна караштуу, Үрмарал айылынын тургуну Рашид Жолдошалиев “Манас” эпосу музейине эки бүтүн кумураны өз ыктыяры менен өткөздү. Анын айтымында адамдарга жай казуу иштеринде бул кумураларды таап алган, андан тышкары ийик таш кошо табылган, бирок ийик таш өтө майдаланып кеткендиктен аны өткөзүүгө мүмкүн болбой калгандыгын ....