Новости

            Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейинде 2018-жылдын 18-май күнү “Бүткүл дүйнөлүк музейлер күнүнө” карата иш-чара уюштурулуп, кызматкерлердин катышуусу менен болуп өттү. Аталган иш-чарада жалпы музейлер туурасында маалыматтар, “Манас” эпосу музейинин түптөлүшү жана тарыхы, музейде болуп жаткан илимий иштер баяндалды. Мындан тышкары ....
  Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу, Кыргызстан айылынын тургуну, Тураш Алымкулов  6-8 кылымдарга таандык жебенин учун жана Чүй облусунун Беловодск айылынын тургуну Омор Шейшекеев ата-бабаларынан калган бүлдүргү камчы жана шалк этмелерди “Манас” эпосу музейине тапшырышты.  
             Каныкей апа булагын көрктөндүрүү багытында жаз алды менен 600 даана бирючина көчөттөрү, 40 даана роза гүлдөрүнүн көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары 41 булактын көзү тазаланып, ирээтке келтирилди. Мында зыяратчылар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.           
  Кыргыз улуттук “Манас Ордо” комплексинин “Манас” эпосу музейине тарыхый табылгаларды, турмуш-тиричиликте колдонгон буюм-тайымдарды өз ыктыярлары менен өткөзүп келген шаар жана айыл жергесинде жашаган тургундарыбыз бар. Алардын катарында Талас районуна караштуу, Чат-Базар айылынын тургуну, Аманбек Мамбеталиев агабыз бир даана соку сокбилек жана ....
                 Кыргыз Улуттук “Манас Ордо” комплексинде 2018-жылдын март айынын аякташы менен тиешелүү аймактарга видеокөзөмөл орнотулду.             Даярдаган: Улук илимий кызматкер Б. Тулькубаев 0773 841 008; 0702 804 761 Электрондук дарек: